«Эч бир тургун жардамсыз калбайт». Жапаров менен Ташиев Баткенге барды

Президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 27-майда Баткен облусундагы Лейлек районунун Максат айылына барды. Алар талкаланган объектилерди жана үйлөрдү калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

Жапаров 100 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоорун көрдү. Ошондой эле жергиликтүүлөр менен сүйлөшүп, чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча айтып берди.

Анда ал «Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурулат жана эч бир тургун жардамсыз калбайт» деп убадалады. Мындан сырткары тийиштүү мекемелерден объектилерди пландалган убакытта калыбына келтирип, куруп бүткөрүүнү талап кылды.

Анткен менен бийлик курулуп жаткан объектилердин жана турак жайлардын долбоорун жарыялай элек болчу. Бул маселе жергиликтүү тургундары түйшөлтүп жатат. Себеби Баткенге барып келген ыктыярчылар менен сүйлөшкөн учурда жашоочулар үйлөр кантип салынаары тууралуу кабарлары жок экенин айтышкан.

Бирок президент менен жолугушуу учурунда бала бакча менен турак жайлардын эскизи илингенин көрүүгө болот.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Аталган айылда чек арадагы куралдуу жаңжалда 89 үй, бир мектеп, бала бакча, медпункт жана милиция бөлүмчөсү өрттөлгөн. Айылда жалпысынан 1 200 киши жашайт жана 288 турак жай бар.

Өкмөт чек арадагы жаңжалда бузулган айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алып, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.

Тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Куралдуу агрессиядан тургундардын 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.