УКМК «Томас и Ко» Ташиевдики эмес деп билдирди. Журналисттер иликтөөдө баары так дешти

Али Токтакунов / Камчыбек Ташиев / Арген Нуров

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Томас и Ко» май куюучу компаниясы ведомствонун төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык эмес экенин билдирди. Иликтөөчү журналист Али Токтакунов УКМК «элдин башын айлантып атат» деп жооп кылды.

Аталган компаниянын аты Баткендин Лейлек районунун Арка айылындагы заправкалардан Тажикстанга агылган күйүүчү майлар тууралуу иликтөөдө аталган.

«Материалдарда көрсөтүлгөн “Томас жана Ко” компаниясы К.Ташиевге 2016-жылга чейин гана таандык болгонун маалымдайбыз», — деп кабарлады УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтан иликтөөдөгү маалыматтар «УКМК жетекчилигинин ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу» максатында «чагымчыл адамдар тарабынан» жайылтылып жатканын белгилешти. Ошондой эле УКМКдан жалган маалымат таратуу үчүн «кылмыш жоокерчилиги» каралганын эскертишти.

«Элдин башын дал УКМК айландырып атат»

Арка айылындагы өрттөлгөн заправкалар тууралуу иликтөөнүн авторлорунун бири Али Токтакунов атайын кызматтын билдирүүсүн сынга алып, видеодогу маалыматтар ачык булактардан алынганын белгиледи. Ошондой эле журналист Ташиев буга чейин «Томас и Ко» өзүнө караштуу экенин тастыктаганын эскертти.

«Элдин башын дал УКМК айландырып атат. Биздин иликтөөдө баары так, ачык маалымат булактарындагы документтердин негизинде көрсөтүлгөн. Камчыбек Ташиев боюнча маалыматтар да фактыларга жана анын өзүнүн сөзүнө таянуу менен берилген», — деп жазды Токтакунов.

Ошондой эле Токтакунов атайын кызматтын башчысынын баласы Тай-Мурас Ташиев 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоодо Жалал-Абад шаардык кеңешке талапкерлигин койгон учурда өзүн «Томас и Ко» компаниясынын директорунун орун басары катары көрсөткөнү тууралуу маалыматты жарыялады.

«"Томас и Ко" “шефтики эмес" дейсиңерби? Тай-Мурас (Томас) Камчыбекович Жалал-Абад шаар кеңешине талапкерлигин койгон учурда, 2021-жылы толтурулган документ. Уялбагандан өзүң уял деген ушул», — деп кошумчалады иликтөөчү.

Ал эми иликтөөнүн дагы бир автору, «Т-Медианын» журналисти Арген Нуров УКМК журналисттерди «чагымчыл» деп атаганына нааразы болду.

«Күлкүң келет… УКМКнын оюунда биз чагымчыл адамдар экенбиз… Же биздин артыбызда кандайдыр бир чагымчыл адамдар турат имиш... Анда эмесе УКМКга суроо: колуңарда бүт ресурс, рычагыңар бар. Тапкылачы артыбызда ким бар?» — деп суроо узатты Нуров.

Арка айылындагы заправкалар

Иликтөөчү журналисттер Али Токтакунов жана Арген Нуров 21-майда «Баткен: Чек арадагы депутаттардын заправкалары. Ташиевдики барбы?» аталыштагы иликтөө жарыялады.

Иликтөөдө апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 27 май куючу жай күйгөнү, анын дээрлик жарымы Арка айылында болгону айтылган. Журналисттер Аркаданын 270 тургунуна бир заправка туура келерин белгилеп, алар кимге таандык экенин изилдешкен.

Аталган иликтөөдө Аркадагы заправкалар Жогорку Кеңештин депутаттарына да тиешелүү болгонун жана бир кезде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу заправка да иш алып барганы маалымдалат.

Иликтөөдөн алынган скрин

Журналисттер Аркада 2016-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын сентябрь айына чейин «Томас и Ко» компаниясына таандык болгонун ашкерелеген. Аталган компанияга 2020-жылга чейин УКМКнын төрагасынын бир тууганы Казыбек Ташиевге ээлик кылган. Бирок 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун астында иниси компаниянын негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгып кеткен.

«Мен, мисалы, Томаста негиздөөчү эмесмин. Бирок “Томас сеникиби” десе “меники” дейм», — деп Камчыбек Ташиевдин 2014-жылы айткан сөздөрүн журналисттер иликтөөдө келтиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир айылга 15 заправка, аткезчилик, депутаттар. Аркадагы май куюучу жайлардын таржымалы