Жумгал эли Баш-Кууганды айылынан Эпкин айылына чейинки 70 км жолдун курулушу үч жылдан бери бүтпөй жатканына нааразы. Аталган жол Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун бир бөлүгү. Жергиликтүүлөр бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн буга чейин бир нече ирээт жол тосуп да көрүшкөн. «Клооптун» журналисттери жол эмне себептен бүтпөй жатканын иликтеди.

«Бизде тынч жашоо жок»

Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу Нарын облусунун Жумгал району аркылуу өтөт. Аталган жолдун Эпкин жана Баш-Кууганды участогунун 89,5 – 159,2 чакырымын оңдоо үчүн 2018-жылы Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан тендер өткөрүлүп, жолдун курулушун 40 млн 750 миң долларга баалаган италиялык Todini Costruzioni Generali Company компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Аталган компания менен келишим ошол жылы эле 7-сентябрда түзүлгөн. Жол үч жылда пайдаланууга берилет деп макулдашылган.

Жолдун курулушун Азия өнүктүрүү банкы каржыламак. Бирок кыргыз өкмөтү италиялык компанияны коррупцияга шектегендиктен жолдун курулуш иштери алты-жети айдан кийин эле токтоп калган. Todini Costruzioni Generali Company компаниясы иштин 9,5 %ын аткарган. Аталган иштер төрт миллион долларга бааланган, бирок каражат компаниянын эсебине которулган эмес.

Жумгал районунун тургуну Асыл Тургуналиеванын айтымында, жол түз эмес, аң жерлери көп жана жаз, күз айларында ылай болуп турат. Мындан улам унаанын дөңгөлөгү жарылып, тетиктери көп бузулат. Ал эми күнү-түнү тынбай өткөн унаалардын чаңы жашоочулардын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө.

«Биз жолдун азабын канча жылдан бери эле тартып келе жатабыз. Эгерде Кочкордо калып калсаң, машине жалдасаң келбейт. Себеби Жумгалдын жолунан бардыгы качат. Кочкорго жеткиче силкинип барабыз, бөйрөк оору, боор оору дегендер болот. Оорулуулар кээде Бишкекке жетпей эле каза болуп калып жатат. Башка жол жок болсо, кайсы жол менен барабыз?! Айла жоктун гана иши», — деп Тургуналиева кейиди.

Баш-Кууганды айылдык кеңешинин төрагасы Калыбек Ажыгулов «Клоопко» компания курулушту баштаганда тийиштүү техникалары бар деп ишендиргенин билдирди. Бирок иш-жүзүндө жергиликтүү техникаларды ижарага алышкан, анын акысын дагы деле төлөй элек. Мындан сырткары аталган фирмага ишке кирген тургундар айлык-маяналарын эмдигиче ала электигин кошумчалады.

«Биздин районго келген бийлик өкүлдөрүнө жол көйгөйүн айтсак эле, кызматка жаңы келдик деп кутулушат. Деги бул бийлик бир маселени чечеби? Кайдыгерликтен улам, элдин абдан чыдамы кетти. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарынын дагы күнөөсү бар. Жол куруу ишин ратификациядан өткөрүп берип коюшкан», — деп Ажыгулов нааразы болду.

Бул жол аркылуу оор жүк ташуучу автоунаалар көмүр дагы ташыйт.

Жолдун курулушу боюнча жаңы тендер жарыяланды

Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаментинин көзөмөлдү камсыздоо жана кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Акылбек Мусабаев «Клоопко» курган маегинде, жолду ондоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Кайрадан тендер өткөрүлгүчө №24-жол тейлөө мекемеси тарабынан каралып, ошолордун көзөмөлүндө болуп жатат. Шагыл жолдо машинелер жана көмүр ташуучу унаалар күнү-түнү тынбайт. Аталган участок эки авто грейдер менен түздөлүп, сегиз суу ташуучу унаа суу сээп жатат», — деди Мусабаев.

Жол куруу боюнча жаңы тендер Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 2021-жылы 31-мартта жарыяланган. Конкурс 12-майда аяктаган. Бирок азырынча жеңүүчү аныктала элек.

Транспорт министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча адиси Тагай Алимбаев тендерди иштеп чыгуу жана өткөрүү белгилүү бир мөөнөттү талап кыларын белгилейт.

«Todini Costruzioni Generali Company компаниясы менен болгон келишим 2020-жылы жокко чыгарылган. Ошондон берки мөөнөт мурдагы компания менен толук эсептөөлөрдү жана иштерди санап чыгууга, тендердик документтерди даярдоого коротулду. Тендердик документтерди даярдоо деле белгилүү бир мөөнөттү талап кылды», — деди ал.

Алимбаев компаниядан өз акчаларын ала албай жаткан жумушчулар жана фирмалар боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

«Todini Costruzioni Generali Company компаниясы башка жеке компаниялар менен келишим түзгөндүктөн, бул алардын өз ара ички маселеси экенин эске алуу керек», — деди ал.

Тендер маселеси жана андагы коррупция

2018-жылдын декабрь айында транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунунун бир бөлүгү болгон Эпкин — Дыйкан жолунун курулушу боюнча тендерде жеңишти камсыздап берүүнү 520 миң долларга баалап, кармалганга чейин 120 миң доллар алган.

2019-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Азимкан Жусубалиевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан. Соттолгондон 3 ай өтпөй Биринчи май райондук соту Жусубалиевдин ишин кайрадан карап, жаза мөөнөттүн эки жылга кыскарткан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын башкы адиси Элеонора Сабатарова «Клоопко» учурда Азимкан Жусубалиев Молдовановка айылындагы №27 колонияда жазасын өтөп жатканын билдирди.

Ал эми ошол кездеги транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов арыз жазып, отставкага кеткен.

«Түндүк — Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу

«Түндүк — Түштүк» автожолунун курулушу — Кыргызстандын эң кымбат транспорттук долбоору. Транспорт министрлигинин баасы боюнча, курулуштун жалпы баасы 850 млн долларды түзөт. Долбоорго Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү жана Кытайдын Эксимбанкы инвестор болгон. Курулуш иштерин Кытайдын China Road & Bridge Corporation корпорациясы жүргүзүп, иштин аткарылышы үч фазага бөлүнгөн.

Жаңы жол Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарын байланыштырып, 433 чакырымды түзөт. Анын 200 чакырымга жакын тилкеси мурда жол такыр түшө элек аймактардан өтөт.

Транспорт министрлигинин өкүлү Тагай Алимбаев билдиргендей, учурда «Түндүк — Түштүк» автожолунун биринчи фазасы 76%га бүтсө, экинчи фазасы 85%га бүткөрүлгөн. Ал эми үчүнчү фазасы боюнча учурда реконструкция иштери жүрүп жатат.

2016-2018-жылдары транспорт жана жолдор министри болгон Жамшитбек Калилов «Түндүк — Түштүк» автожолу 2021-жылы ачыларын убадалаган. Бирок анын бул убадасы ишке ашкан эмес. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинен аталган жол 2023-жылы ишке берилээрин билдиришти.

Авторлору: Дилде Шатанова, Найзабек Мукамбетов

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жумгал аркылуу көмүр ташыйсыңар, жолун оңдоого кудуретиңер жетпейби?» — Нааразы эл жол тосту

Жол куруу үчүн миңден ашуун майда объект сүрдүрүлөт — Бишкек мэриясы

China Road and Bridge Corporation Бишкектин жолдорун оңдоону кайрадан колго алат

Бишкек — Ош автожолу мамдирекциясынын үч кызматкерин кармалды