«Жумгал аркылуу көмүр ташыйсыңар, жолун оңдоого кудуретиңер жетпейби?» — Нааразы эл жол тосту

Жол тоскон жергиликтүү эл

Нарын облусунун Жумгал районунда 100гө жакын тургун Баш-Кууганды айылындагы негизги жолду тосту. Алар Баш-Кууганды айылынан Кочкор айылына чейинки жолдун бүтпөй жатканына нааразы. Бийлик өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Нааразы болгон эл 10-мартта Жумгал айылынын кире беришине чогулуп, жолдун эки тарабын тең жаап салышкан. Анын айынан жыйырмага чукул жүк ташуучу унаа өтө албай туруп калган.

«Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, жолду тоскондор бийлик өкүлдөрүнө нааразычылык билдирүү максатында келген.

Алар бийлик өкүлдөрүнөн Баш-Кууганды айылынан Кочкорго чейинки жолдун эмне үчүн бүтпөй турганын 15-мартка чейин түшүндүрүп берүүнү талап кылышты.

«Жолдун абалы таптакыр жараксыз. Бул жерден жүк ташуучу унаалар да өтөт. Ар бир унаа өткөн сайын жол начарлап, чаң эле болуп турат. Эгерде бийлик 15-мартка чейин көйгөй тууралуу түшүндүрмө берип, керектүү чараларды көрбөсө, жолду толук жабабыз», — деген нааразылыгын Жумгал районунун тургуну Кылыч Чокоев билдирди.

Ал ошондой эле, үч айыл чаңга көмүлүп калганын, жолду оңдоо иштери 60-70 пайыз бүтүп, асфальт төшөөрдө токтоп калганын сынга алды.

Жолдун бүтпөй жатканына нааразы болгон тургундун тарткан видеосунда «Жумгал аркылуу көмүрүңөрдү ташыйсыңар, жолун оңдоого кудуретиңер жетпейби?» деген суроо узатканын көрүүгө болот.

Окуя болгон жерге Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жана райондун акими Залкар Бозбалаев барган.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн маалымат катчысы Назгүл Мүсүралиева «Клоопко» берген маегинде, түшүндүрүү иштеринен кийин, жол болжол менен саат түшкү экилерде ачылганын билдирди. Учурда абал туруктуу.

«Транспорт министрлигинин өкүлдөрү жана бийлик органдары тарабынан райондун аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Учурда жол ачык, абал туруктуу», — деди Мүсүралиева.

Бир тараптуу жокко чыгарылган келишим

Жумгал районун жолу Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна кирет. Ал жол Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен, 2019-жылы курула баштаган. Жолду италиялык Todini Costruzioni Generali Company компаниясы куруп жаткан.

Бирок кыргыз өкмөтү аталган компания менен болгон келишимди бир тараптуу токтоткон.

«2018-жылы коррупциялык маселе болуп, соттун чечими 2020-жылдын октябрында чыгарылган. Ошонун негизинде куруп жаткан компания менен келишимди жокко чыгарганбыз. 1-декабрдан баштап Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүп, жаңы тендердин документтерин даярдаганбыз. Учурда документттер банкка жөнөтүлдү. Алар макулдугун берсе эле, тендер жарыялайбыз», — деп түшүндүрдү транспорт министринин орун басары Талант Солтобаев.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысынын айтымында, курулуш иштери 2021-жылдын июнь айынан башталат. Ага чейинки жолду жөнгө салып туруу иши №24 Жол тейлөө ишканасына милдеттендирилип, 2 грейдер, 4 суу чача турган авто унаа менен камсыздалат.

Авторлор: Найзабек Мукамбетов, Дилде Шатанова