Акыркы суткада коронавирустан тогуз бейтап каза тапты

Республикалык штаб акыркы суткада коронавирус менен ооруган тогуз бейтап каза тапканын маалымдады. Алты адам Бишкекте, Чүй, Ысык-Көл жана Баткен облустарында бирден бейтап каза тапкан.

Ведомствонун маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктурганы тастыкталган 1 797 адам кайтыш болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, сутка ичинде COVID-19 356 адамда тастыкталды.

  • Бишкек — 162;
  • Чүй облусу — 78;
  • Ош — 63;
  • Исык-Көл облусу — 22;
  • Ош облусу — 10;
  • Нарын облусу — 7;
  • Талас облусу — 6;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Баткен облусу — 3.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 104 222 жетти.Ал эми акыркы суткада 458 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Өлкө боюнча панемия башталгандан бери коронавирус же ооруканадан тышкаркы пневмониядан 98 миң бейтап айыкты.

Ошондой эле, акыркы суткада 11 медицина кызматкери коронавируска чадыкты. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 648ге жетти, анын ичинен 4 569 медкызматкер илдеттен айыкты.

Ошондой эле штаб 29-майга карата өлкөдө 1 688 бейтап ооруканаларда коронавирустан дарыланып жатканын, алардын ичинен 90 киши өтө оор абалда экенин билдирди. Мындан тышкары, дагы 1 714 адам амбулатордук шартта дарыланууда.