Бишкекте түрк элчилигинин алдында Орхан Инандыны табууну талап кылгандар митингге чыкты

Бишкектеги түрк элчилигинин алдында «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандыны бошотууну талап кылган 50дөн ашык киши митингге чыкты. Алар 31-майдын кечинде дайынсыз жоголгон Инандыны таап берүүнү талап кылышууда. Чогулгандардын айтымында, Орхан Инанды ушул тапта элчиликтин имаратында кармалып турат.

Митингге чыккандар колдоруна «Табылсын», «Билим бергенге тийбегиле» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан. Ошондой эле алар, «Орхан Инандыны бошоткула», «Каракчылыкты токтоткула», «Орхан Инандыдан колуңарды тарткыла» деген ураандарды кыйкырышууда. Андан сырткары элчиликтин кызматкерлери чыгып маалымат беришин дагы талап кылышууда.

Ушундай эле митинг учурда «Манас» эл аралык аэропортунун алдында да өтүүдө.

Ал ортодо Орхан Инандынын жубайы видео кайрылуу жасап, анын аман-эсен кайтып келишин тилеп жатканын билдирди. Ал ошондой эле, кыргыз бийлигинен жардам берүүнү суранды.

«Кыргызстан биз үчүн жаман окуялар менен эсте калган мамлекет болбойт деп ишенем… Кыргызстандын бийлигинин жардам берүүсүн суранам. Өмүрүнө тынсызданып жатам, эгер Түркияга депортация болсо, эмнеге тушугары белгилүү. Түркиядагы окуяларга көз салгандар андан кабары бар», — деди ал.

Орхан Инандынын жоголушу

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткени айтылууда.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү азырынча Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз экенин билдирген. Ошондой эле, аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

«Сапат» билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев «Клоопко» Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматынын буйрутмасы менен уурдалды деген сөздөр болуп жатканын белгилеген. Ал ошондой эле Орхан Инандынын Кыргызстандын жарандыгын алганына 10 жылдан ашканын кошумчалаган.

Орхан Инанды Түркияда туулган. 2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхүллах Гүленге таандык деп эсептелген «Себат» билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Ошол эле жылы түрк бийлиги «Сапаттын» окуучуларына Түркиянын аймагына кирүүгө тыюу салып коюшу мүмкүндүгүн билдирген. Бул билдирүүнү Билим берүү министрлиги «кыргыз бийлигине карата басым» катары сыпаттаган.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө «Маариф» фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган.

Түркиянын ФЕТО менен күрөшүүсү

Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактары дин аалымы Фетхуллах Гүлен жана анын ФЕТО уюму тарабынан каржыланат деп эсептейт. Түркияда бул уюм террористтик деп табылган, ал эми Гүлен өзү 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине айыпталган.

Кыргызстандын бийлиги лицейлер тармагын «Себаттан» «Сапатка» өзгөртүп, Түркия менен мамилени бузбаш үчүн директорлор кеңешинин курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүн киргизген.

Жүзөгө ашпай калган төңкөрүштөн кийин түрк бийлиги миңдеген кишилерди камакка алып, жүздөгөн адамдарды ФЕТОго байланыштары бар деп соттогон. Ал эми Гүлен өзү мамлекеттик төңкөрүш уюштурбаганын айткан. Азыр ал АКШда жашайт. Түркия бир нече жолу Америка бийлигинен аны өткөрүп берүүнү талап кылып, бирок АКШ баш тарткан.

ТЕМА БОЮНЧА: Президент УКМК жана ИИМге Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды

«Унаасы калып, өзү жок». «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды изделүүдө

Эрдогандын Гүлен менен араздашуусу кантип Кыргызстанга кедергесин тийгизүүдө?

«Маариф» фондусу: Кыргызстан Эрдогандын билим берүү тармагындагы Гүленге каршы согуш талаасына айланды