МКК жалпы жарандык паспорт бере баштады. Документти тез арада алса болот

Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылдын үлгүсүндөгү биометрикалык жалпы жарандык паспорт тез арада бериле баштаганын кабарлады. Паспорт алуу үчүн каттоого документтер кабыл алынып жатат.

Алгачкылардан болуп жаңы жалпы жарандык паспортту шахмат оюнчулары Айжан Съездбекова жана Эмир Шаршенбеков алышты.

МККдан кошумчалашкандай, 31-майдан тартып жалпы жарандык паспортту тез арада, кыска мөөнөттө алууга мүмкүнчүлүк пайда болду.

Кызмат баасы канча турат?

2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту шашылыш режимде үч саатта, же эки, төрт, сегиз күндө алууга болот.

2020-жылдын үлгүсүндөгү 34 барактан турган жалпы жарандык паспорттун баасы:

  • 3 саат — банк комиссиясын кошкондо 6 475 сом;
  • 2 күн — банк комиссиясын кошкондо 3 010 сом;
  • 4 күн — банк комиссиясын кошкондо 2 665 сомов;
  • 8 күн — банк комиссиясын кошкондо 2 300 сом.

Аты-жөнүн жана улутун алмаштырган учурда мамлекеттик салымды эске алуу менен бул баа 100 сомго жогору блот:

  • 3 саат — банк комиссиясын кошкондо 6 575 сом;
  • 2 күн — банк комиссиясын кошкондо 3 010 сом;
  • 4 күн — банк комиссиясын кошкондо 2 765 сомов;
  • 8 күн — банк комиссиясын кошкондо 2 400 сом.

Жоголгон же жарактан чыккан паспортту алмаштыруу:

  • 3 саат — банк комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 6 675 сом;
  • 2 күн — банк комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 3 210 сом;
  • 4 күн — банк комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 2 865 сомов;
  • 8 күн — банк комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 2 500 сом.

Чет өлкөгө чыгуу үчүн керектүү паспортту берүүнү үстүбүздөгү жылдын апрель айында берип баштайбыз деп убадалашкан, бирок бул мөөнөт улам артка жылдырылып келген. Жалпык жарандык паспорт берүү кечигип жаткандыктан министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Мамкаттоо кызматынын башчысы Акын Мамбеталиевге шалаакы мамилеси үчүн сөгүш жарыялаган. Анын орун басары Тилек Батырканов кызматынан алынган.

Кыргызстандагы паспорттук кризис

Кыргызстанда паспорт кризиси 2021-жылдын мартында башталган. МККнын башчысынын айтымында, 2020-жылы жалпы жарандык паспорт үчүн суроо-талап кескин көбөйгөн, себеби башка өлкөлөр өз чек араларын ача башташкан.

Мисалга, кирүү үчүн популярдуу өлкөлөрдүн бири, Орусия менен Казакстан дагы кыргызстандыктардан жалпы жарандык паспорт сурай башташкан. Пандемияга чейин бул өлкөлөргө 2017-жылкы үлгүдөгү электрондук карта (ID-карту) аркылуу эле кирүүгө болот эле. Ошондуктан бланктар тез түгөнө баштап, өлкөгө жаңы бланктар кирбей калган.

«2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын фералына чейин жарым жылдык иш көлөмүн үч эсе аткардык. Айына дээрлик 50-60 миң чет өлкө паспортун берип жаттык. [...] Ошондуктан өтө муктаждарга гана берүү чечимин кабыл алдык, дарылануу үчүн, үй-бүлөлүк жагдай же окуусу боюнча чыга тургандарга», — деген Мамбеталиев 12-мартта.

Ал убакта МККда болгону 20 миң бланк калып, анын ичинен 16 миңи иштетүүдө болгон. Калган 4 миңи 2021-жылдын 1-майына чейин жетиши керек болчу — дал ушул күнү МКК жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берип баштоону убада кылган болчу.

Бирок 17-мартта экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев жалпы жарандык паспорттор сентябрдан тартып гана берилиши мүмкүн деп билдирген.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 23-апрелде, фейсбуктагы түз эфир учурунда Кыргызстандагы паспорттук кризис аягына чыкканын жарыялаган. Ал эми ММК 3-майда 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторго документтерди кабыл ала баштады.