Электрондук паспорттор майда эмес, сентябрдан тарта берилмей болду

Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортторду берүү 2021-жылдын күз айларына чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу өкмөттүн жыйында экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Буга чейин өкмөт электрондук жалпы жарандык паспорттор 1-майдан тарта берилет ишендирген болчу.

Иманалиевдин айтымында, май айында берилиши керек болгон паспорттор мөөнөтүндө бүтпөй калуу коркунучу бар иштердин катарына киргизилген. Ал эми долбоор сентябрь айында ишке киргизилиши мүмкүн.

«Бүгүнкү күндө, 1-майга карата электрондук паспортторду киргизүүдө олуттуу тобокелдиктер бар. Электрондук чипти иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат, бирок паспортторго маалыматтарды лазердик жазуу менен киргизүү боюнча маселе чечиле элек. Жеткирүүчүлөр тарабынан көйгөйлөр толук чечиле элек», — деп билдирди Иманалиев.

Бул боюнча премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт студенттер жана катардагы жарандар чет өлкөгө ээн-эркин чыгуусу үчүн 40 миң паспорттун мөөнөтүн узартууга мажбур экенин белгиледи.

Кыргызстандагы «паспорттук кризис»

Кыргызстанда жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт) жетишсиз болуп, аны тапшыруу кечиктирилип жатканы тууралуу 9-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.

e-Passport (биометрикалык маалыматтар катталган паспорт) кызматын ишке киргизүү 2020-жылдын 25-декабрында башталышы керек болчу. Бирок Мамкаттоо кызматы 2021-жылдын апрель айынан баштап электрондук паспорт бериле баштайт деп убада берген. Кийин болсо электрондук паспортторду берүү май айынан башталары айтылган.

Премьер-министр Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге шалаакылык мамилеси үчүн сөгүш жарыялап, ал эми орун басары Тилек Батыркановду ээлеген кызматынан бошоткон.

Марипов «чукул арада улуттук жалпы жарандык ePassport паспортторун берүүнү жолго коюу» тапшырмасын берген. Эгерде кайрадан үзгүлтүккө учурай турган болсо, мындан дагы олуттуу чара көрүлөөрүн белгилеген.

Жаңы паспорттор 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери менен корголот.