Электрондук жалпы жарандык паспорт берүү кечигүүдө, МКК орун басары бошотулду — Өкмөт

Кыргызстанда жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт) жетишсиз болуп, аны тапшыруу кечиктирилип жатат. Бул тууралуу 9-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт электрондук паспорт берүү планы кечигип ишке ашканын түшүндүрдү. ePassport (биометрикалык маалыматтар катталган паспорт) кызматын ишке киргизүү 2020-жылдын 25-декабрында башталышы керек болчу. Андан кийин Мамкаттоо кызматы 2021-жылдын апрель айынан баштап электрондук паспорт бериле баштайт деп убада берген.

Премьер-министр Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге шалаакылык мамилеси үчүн сөгүш жарыялап, ал эми орун басары Тилек Батыркановду ээлеген кызматынан бошотту.

«Өз кезегинде МККнын жетекчилиги өкмөттү ePassport берүүгө байланыштуу маселелер бар экени тууралуу кабардар кылуу боюнча өз убагында жетиштүү чараларды көргөн эмес», — деп белгилешет өкмөттөн.

Марипов «чукул арада улуттук жалпы жарандык ePassport паспортторун берүүнү жолго коюу» тапшырмасын берди. Кайрадан үзгүлтүккө учурай турган болсо, мындан дагы олуттуу чара көрүлөт.

Мындан улам Марипов 2021-жылдын 1-сентябрына чейин жарактуу мөөнөттү убактылуу узартты:

  • Өлкө тышында жүргөн же жашаган жарандар үчүн Кыргызстандын жаранынын 2004-жылкы үлгүсүндөгү паспортунун мөөнөтүн;
  • Өлкө тышында жүргөн же жашаган жарандар үчүн кыргыз жаранынын 2006-жылкы үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун мөөнөтүн.

Тышкы иштер министрлиги форс-мажор шартка байланыштуу паспортторду узартуу жөнүндө чет мамлекеттерге билдирүү жөнөтүүгө тийиш. Бул кыргыз жарандары чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн маанилүү.

Биометрикалык электрондук паспорттор

Бүгүндөн тартып кызматтан кеткен МККнын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 2020-жылдын декабрь айында, жаңы биометрикалык электрондук паспорттор 2021-жылдын апрель айынан тартып бериле баштайт деп билдирген.

Анын айтымында, жаңы электрондук паспорттор өздүктү тактоочу документтердин ичинен эң жакшыртылганы.

Ошондой эле, Батырканов биометрикалык жалпы жарандык паспорт мамлекеттик чек араны басып өткөндөрдү идентификациялоо жана эсепке алуунун сапатын жогорулатат деп белгилеген.

«Бул адам сатуу, мыйзамсыз миграция, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, трансчегаралык кылмыштуулуктун алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу аракеттеринин таасирин күчөтөт. Документтерди фальсификациялоо, мыйзамсыз колдонуу менен күрөштү күчөтөбүз. Мындан улам Кыргызстандын дүйнөдөгү имиджи көтөрүлөт», — деп билдирген МККнын төрагасынын орун басары.

Ошондой эле, Батырканов өкмөт электрондук биометрикалык паспортторду киргизүү чечимин 2015-жылы кабыл алганын белгилеген. Кыргызстанда электрондук жалпы жарандык паспорт берүү 2019-жылы башталышы керек болчу. Бирок УКМК паспорт сатып алууга жарыяланган тендерге байланышкан ишти иликтеп баштаганына байланыштуу процесс созулуп кеткен.

Чырлуу тендер жана визалык чектөөлөр

МКК 2018-жылы электрондук паспорттордун бланктарын алууга 1,2 млрд сомдук тендер жарыялаган болчу. Анда тендерге «Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын Банкноттук фабрикасы» (Казакстан), Mühlbauer ID Services GmbH (Германия), IDEMIA Identity and Security France (Франция) жана Garsu Pasaulis (Литва) компаниялары катышкан.

Натыйжада кызмат акысын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңүүчү деп табылган.

Бирок Mühlbauer ID Services GmbH жана IDEMIA Identity and Security France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдирип, конкурстук комиссиянын чечимине даттанышкан.

2019-жылдын февраль айында, УКМК кылмыш ишин козгоп, Garsu Pasaulis компаниясы МККнын аткаминерлери менен жең ичинен келишимге барышкан деп билдирген. Ал эми сот тендердик комиссиянын чечимин жокко чыгарган.

Бул иш боюнча «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин директору Талант Абдуллаев, МККнын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана МККнын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев кармалган. Соттун чечими боюнча аларга 500 миң сом айыппул салынган.

МККнын мурдагы башчысы Алина Шаикова жаңжалдын шартында кызматынан кетип, өлкөдөн чыгып кеткен.

Ал эми ММК жаңыдан тендер жарыялап, аны германиялык Mühlbauer ID Services GmbH компаниясы утуп чыккан.

2020-жылдын башында АКШ Кыргыстандын жарандары үчүн визалык чектөө киргизген.

Чектөөлөр иммиграциялык визалар менен грин-карталарга тиешелүү болгон. Анда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу «Кошмо Штаттар кыргыз паспортторунун кадыр-баркынан, анын ичинде аларды берүү проццесинен чочулап турат» деп билдирген.

Кийинчерек АКШнын Кыргызстандагы элчиси АКШ президенти Жо Байден 2021-жылдын 20-январында Кыргызстан үчүн коюлган визалык чектөөнүн алып салганын кабарлаган.

АКШнын жаңы шайланган 46чы президенти Жо Байден Кыргызстандын жарандары үчүн коюлган визалык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө жарлыкты жокко чыгарууга кол койгон. Бул кыргызстандыктарга кайрадан имиграциялык визалар менен грин-карталарды алууга жол ачкан.

«Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саякаттарга байланыштуу коопсуздукту бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган кыргызстандык электрондук паспорттор иштелип чыгып, даярдыктын акыркы баскычында турат. Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.