МКК: электрондук жалпы жарандык паспорт 1-майдан тарта берилет

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардан жаңы муундагы паспорттор 1-майдан тарта бериле баштаарын белгилеп, паспортторду берүүдөгү келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

«Бул долбоор техникалык себептерден улам созулуп кетти. Пандемиянын таасиринде жеткирүүчүлөр документтердин программалык камсыздоосун өз мөөнөтүндө иштеп чыгууга жетишпей калышты. Азыркы учурда адистер тездетилген режимде иштеп жатат. Долбоорду үстүбүздөгү жылдын 1-майында ишке киргизүү пландаштырылууда», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, МКК 2004-2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту өз убагында алмаштырууга түзөтүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, 2004-2006-жылга тиешелүү паспорттордун колдонуу мөөнөтүн 2021-жылдын 1-сентябрына чейин узартуу пландаштырылууда.

«Паспортторду узартылган мөөнөт менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталып жатат, бул өлкөдөн чыккандарга да тиешелүү. Мындай чара форс-мажор жагдайларга байланыштуу кыйынчылыктарды алдын алуу үчүн жасалууда», — деп түшүндүрдү МККнын басма сөз кызматы.

Ошондой эле, Казакстан, Тажикстанга жана Орусияга кетип жаткан кыргызстандыктар 2017-жылдын үлгүсүндөгү электрондук-картаны (ID-картаны) колдоно алаары белгиленген.

Кыргызстанда жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт) жетишсиз болуп, аны тапшыруу кечиктирилип жатканы тууралуу 9-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.

e-Passport (биометрикалык маалыматтар катталган паспорт) кызматын ишке киргизүү 2020-жылдын 25-декабрында башталышы керек болчу. Андан кийин Мамкаттоо кызматы 2021-жылдын апрель айынан баштап электрондук паспорт бериле баштайт деп убада берген.

Премьер-министр Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге шалаакылык мамилеси үчүн сөгүш жарыялап, ал эми орун басары Тилек Батыркановду ээлеген кызматынан бошоткон.

Марипов «чукул арада улуттук жалпы жарандык ePassport паспортторун берүүнү жолго коюу» тапшырмасын берген. Эгерде кайрадан үзгүлтүккө учурай турган болсо, мындан дагы олуттуу чара көрүлөөрүн белгилеген.

Жаңы паспорттор 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери менен корголот.