Нарын: 28 жаштагы кишинин өлүмүнө айылдашы шектелүүдө

Кармалган шектүү. Сүрөт: Нарын ОИИББ

Нарын районунун Казан-Куйган айылындагы үйлөрдүн биринде 28 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Тергөөнүн алдын ала маалыматтары боюнча маркумдун өлүмүнө шектүү катары айылдашы кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Нарын ОИИБдин маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.

«Казан-Куйган айылында өз үйүндө белгисиз себептерден улам каза богон киши тууралуу маалымат 25-майда түшкү саат 12:00дөр чамасында Оттук милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкери тарабынан Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барган учурда 1993-жылы туулган маркум киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган», — деди Эсенгулова.

Ал ошондой эле, кылмышка шектүү катары маркумдун айылдашы кармалганын кошумчалады. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча экөө жер сугарып жүрүп, спирт ичимдигин ичип уруша кетишкен. Натыйжада маркумду сабаган шериктеши аны үйүнө жеткирип, бирок ал алган жаратынан өзүнө келбей үйүнөн каза болгон.

Аталган факты КЖБРге «ден соолукка атайылап зыян келтирүү» беренеси менен катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

ТЕМА БОЮНЧА: «Сөөгү багаждан табылган». Ноокатта дайынсыз жоголгон кишинин өлүмүнө шектелип эки киши кармалды