«Сөөгү багаждан табылган». Ноокатта дайынсыз жоголгон кишинин өлүмүнө шектелип эки киши кармалды

Ош облусундагы Ноокат районунун Алашан айылынын 21 жаштагы тургунунун сөөгү өзүнүн унаасынын арткы багажынан табылды. Кылмышка шектелип аталган райондун Көк-Жар айылынын 17 жана 20 жаштагы тургундары кармалды.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, 23-майда Алашандын тургуну 21-май күнү иниси «Деу-Ласетти» үлгүсүндөгү унаасын үйдөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз экенин айтып милицияга кайрылган.

Арыз РИИБге катталып, ошол эле күнү тургундун унаасы Көк-Жар айылындагы «Ака-Үка» чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган. Анын багажында маркумдун сөөгү жаткан.

Милициянын маалыматына ылайык, сырттан кароо жүргүзгөндө ал күч колдонуп өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Учурда өлүмдүн себебин тактоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ал эми кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.