Акылбек Жапаров депутаттык мандатын тапшырды. Анын ордуна Арысланбек Акбаров келди

Депутат Арысланбек Акбаров

Боршайком 2-июнда депутат Акылбек Жапаровдун «Бир Бол» партиясындагы ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

БШКнын маалыматына ылайык, Жапаров 1-июнда экономика жана финансы министри болуп дайындалгандыктан мандатын тапшырган. Аны менен бирге Жапаров министрлер кабинетинин төргаасынын орун басары дагы болуп дайындалган.

Боршайкомдон билдиришкендей, Жапаровдун бошогон мандатынын ордуна Арысланбек Акбаров келди.