Акылбек Жапаров кайрадан экономика жана финансы министри болуп дайындалды

Улукбек Кармышаков / Акылбек Жапаров

Депутат Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле, экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-июнда билдирди.

Ага чейин аталган кызматты Улукбек Кармышаков ээлеген. Кармышаков Медербек Сатыевдин ордуна президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп келди.

Акылбек Жапаров «Бир Бол» фракциясынан алтынчы чакырылыштын депутаты болуп турган. Ал «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Аталган комиссия текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарып, «Кумтөр Голд Компаниден» 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүш керектигин билдирген. Бул сумманын ичинде буга чейин Октябрь райсоту экологиялык бузуулар жана мамлекеттик пошлина үчүн «Кумтөргө» төлөөгө милдеттендирген 263 млрд сом дагы бар.

Мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин айтымында, негизги сумманы бул компаниянын экологияга келтирген зыяны түзөт — 3 млрд 86 млн доллар.

Акылбек Жапаров мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда, 2006-2007-жылдары, экономика жана финансы министри болуп иштеген. Ал эми 2009-2010-жылдары Жапаров биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

Бакиевдин бийлиги кулатылып жаңы бийлик орнотулгандан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Жапаров 2011-2012-жылдары кайрадан эле финансы министри кызматын ээлеген.

Министрлер кабинетиндеги алмашуулар

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, Министрлер кабинетин түзгөн. Анда Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасы, ал эми Артем Новиков анын биринчи орун басары болуп бекетилген.

Анда Улукбек Карымшаковдон сырткары Жылдыз Бакашова министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Азамат Дыйканбаев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары даражасындагы санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалышкан.

Көп өтпөй, 20-майда, Новиков Орус-Кыргыз өнүгүү фондунун жетекчиси кызматына дайындалган. Анын ордуна Айбек Жунушалиев келген.

Ошол эле күнү санариптик өнүктүрүү министри Дыйканбаев «пара опузалоого» шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Дыйканбаев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырган чет өлкөлүк компания менен келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оң чечип берүү үчүн «ири өлчөмдөгү пара опузалаган».

Улукбек Марипов Дыйканбаевди кызматына бошотуп, анын ордуна Дастан Догоевди дайындаган. Ал буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп иштеп, 2020-жылы АКШнын Гарвард университинде окуу үчүн кызматтан кеткен болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голддун» сырткы башкаруучусу болуп дайындалды

«Акылбек Жапаров эң биринчи күнөөкөр». Аскар Акаев Кумтөр боюнча айыптарга жооп берди

«Кумтөрдө» өндүрүлгөн алтынды Улуттук банк сатып алат. Компаниянын иши эми кандай уланат?