Бишкек: Дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын тарапташтары кезектеги митингге чыгышты

Бүгүн 3-июнда «Сапат» билим берүү мекемелеринин дайынсыз жоголгон президенти Орхан Инанды табууну талап кылган кезектеги митинг өтүүдө. Инандынын тарапташтары өкмөт үйүнүн алдына чыгышкан.

Митингге 300 чукул адам келип, алар кайрадан Инандыны издөөгө байланыштуу маалымат берүүнү талап кылышууда. Мындан тышкары, акицяга чыккандар Инанды табылмайын митингге чыгууну улантышаарын билдиришүүдө.

Инанды — Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемелерин негиздеген төрт адамдын бири. Ал Кыргызстанда 1995-жылдан бери иштеп келет, ал эми «Сапатты» президент катары 2001-жылдан тартып жетектей баштаган.

«Сапаттын» президентин табууну талап кылган жарандардын митинги бир нече күндөн бери өтүп жатат. Буга чейин аталган митингдер, 1-2-июнда өкмөт үйүнүн жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдыларында өткөн. Мындан тышкары, «Сапат» өзү мурдараак Орхан Инандынын жүргөн жерин билгендерге маалымат берүүлөрү үчүн сый акы берилерин билдирген.

Милициянын алдын ала маалыматына ылайык, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон — анын унаасы Бишкектин түштүгүндөгү 10-кичи районунда ачык бойдон табылган.

Инандынын жоголуусуна өлкө башчысы Садыр Жапаров дагы үн катып, УКМК менен ИИМге дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Кийинчерээк ИИМ башчысы Инандынын жоголушу боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.

Түрк элчилиги эмне дейт?

Түркиянын элчилиги азырынча Орхан Инандынын жоголгонуна байланыштуу эч кандай комментарий жана аны колдоп митингге чыккандардын «Сапаттын» президенти уурдалды делген айыптарына жооп бере элек.

Буга чейин Инанды жетектеген билим берүү тармагы «Себат» деп аталган, бирко 2017-жылы бийлик билим берүү мекемелеринин атын «Сапат» деп өзгөрткөн. Билим берүү мекемелеринин аты «террористтик коркунуч» шектерин алуу максатында өзгөртүлгөн. Анда негиздөөчүлөрдүн тизмесине Кыргызстандын өкмөтү да кирген — учурда Билим берүү министрлиги «Сапаттын» 30% акциясына ээлик кылат.

Мурдараак Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактарын диниятчы Фетхуллах Гүлен негиздеген деп билдирген — Түркияда анын уюмдары менен мекемелери террористтик деп табылган, ал эми Гүлен өзү 2016-жылдагы мамтөңкөрүш аракетине айыпталган.

Ушуга байланыштуу Инандынын жубайы жолдошу дайынсыз жоголгондон кийин кайрылуу жасаган. Анда ал эгерде Орхан Инанды Түркияга депортацияланса, анда анын өмүрүнө коркунуч туулат деп айткан.