Орхан Инандыны табууга жардам берген маалымат үчүн сый акы жарыяланды

Орхан Инанды

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси дайынсыз жоголгон Орхан Инандыны табууга жардам берген маалымат үчүн сый акы берет. Анын өлчөмү маалыматтын тактыгына жараша болот.

Ошондой эле мекемеден информатордун анонимдүүлүгү сакталат деп убадалашты.

Маалымат берүүнү каалагандар төмөндөгү номерлерге байланышса болот:

  • +996 550 049 050;
  • +996 555 155 144.

Орхан Инандынын жоголушу

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткени айтылууда.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү азырынча Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз экенин билдирген. Ошондой эле, аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

«Сапат» билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев «Клоопко» Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматынын буйрутмасы менен уурдалды деген сөздөр болуп жатканын белгилеген. Ал ошондой эле Орхан Инандынын Кыргызстандын жарандыгын алганына 10 жылдан ашканын кошумчалаган.

Инандынын жоголушу коомчулукта нааразычылык жаратып, көпчүлүк анын табылышын талап кылууда. Бишкекте жарандык коом жана жөнөкөй жарандар үч күндөн бери анын табылышын талап кылып митинг өткөрүп жатышат.

Түркиянын ФЕТО менен күрөшүүсү

Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактары дин аалымы Фетхуллах Гүлен жана анын ФЕТО уюму тарабынан каржыланат деп эсептейт. Түркияда бул уюм террористтик деп табылган, ал эми Гүлен өзү 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине айыпталган.

2016-жылы Түркия Кыргызстандан «Себат» билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну талап кылган.

Мындан улам 2017-жылы 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Ошол эле жылы түрк бийлиги «Сапаттын» окуучуларына Түркиянын аймагына кирүүгө тыюу салып коюшу мүмкүндүгүн билдирген.

Бул билдирүүнү Билим берүү министрлиги «кыргыз бийлигине карата басым» катары сыпаттаган.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө «Маариф» фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган.

ТЕМА БОЮНЧА: Президент УКМК жана ИИМге Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды

«Унаасы калып, өзү жок». «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды изделүүдө

Эрдогандын Гүлен менен араздашуусу кантип Кыргызстанга кедергесин тийгизүүдө?

«Маариф» фондусу: Кыргызстан Эрдогандын билим берүү тармагындагы Гүленге каршы согуш талаасына айланды