Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүү маселесин сентябрда чечип берүүнү убадалады

Борбордун вице-мэри Русланбек Акылбеков мэрия жол кире акысын көтөрүү маселесин үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында чечип берерин убада кылды. Бул тууралуу 2-июнда өткөн басма сөз жыйында белгилүү болду.

Акылбековдун айтымында, тариферди көтөрүү боюнча топ үстүбүздөгү жылдын январь айында эле түзүлгөн. Натыйжада комиссия маселени чечүүнүн үч вариантын сунуштаган:

  • тарифтерди өзгөртүүсүз калтыруу;
  • маршруттук таксилердин тарифин 15 сомго чейин көтөрүү;
  • тарифти 19 сомго чейин көтөрүү.

Мындан сырткары, Бишкектин мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов жүргүнчү ташыган маршруттук фирмалардын башчылары менен жолугуп, алар менен жол кире акысын көтөрүү маселесин талкуулады.

Жолугушууда Кудайбергенов тарифтерди өзгөртүүнү шаардык кеңеш киргизерин жана 2-июнда мэрия депутатардын кароосуна токтом долбоорун киргизээрин түшүндүргөн. Мэриядан белгилешкендей, жүргүнчү ташыгандардын өкүлдөрү мэрдин айткандарына макул болуп, «айдоочулардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөөрүн» убадалашкан.

Бишкекте транспорттук коллапс 2-июнда башталган. Маршруттук таксинин айдоочулары жол киренин төмөндүгүнөн иш ташташкан. Ал эми шаардыктар мындан улам коомдук транспортторго (троллейбус.ю автобус) эл батпай, такси кызматкерлери жол кире акысын кымбаттатып жиберишкенин айтып нааразы болушууда.

Кийинчерээк шаардык муниципалитет шаар ичинде №100 маршруту боюнча каттай турган 4 автобус ишке киргенин маалымдаган. Бул автобустарды «Манас» аэропорту берген. Маалыматка караганда, автобустар кырдаал жөнгө салынгыча иштеп турат.

Маршруттук таксинин айдоочулары буга чейин да иш таштаган.

Январдын башында алар жол кире15 сомго көтөрүлбөсө иш ташташаарын айтышкан. Азыр жол кире акысы маршруткаларда күндүз 10 сомду, ал эми кечки тогуздан кийин — 12 сомду түзөт.

Жүргүнчү ташып иштегендер оор абалда болуп жатканын айтышкан — пандемиядан улам көбү жумушунан айрылып, ал эми транспортту тейлөө үчүн каражат жетпей жатат. Алар шаардыктар да кыйналып турганын түшүнгөнү менен өздөрүнө дагы оор болуп жатканын айтышкан.

Айдоочулар жол акысы 8 жылдан бери көтөрүлбөгүн, бирок мунайга, азык-түлүккө болгон баа жыл сайын өсүп жатканын да белгилешкен.

Ал күндөрү айдоочулардын иш таштоосу эки күнгө, 18-январда башталып 19-январга чейин уланган. Ал эми каттамга чыккан айдоочулардын бир бөлүгү кесиптештеринин коркутуп-үркүтүүлөрүнө кабылышкан.


Балбак Түлөбаев кырдаалды жөнгө салуу үчүн фейсбук барагында видео кайрылуу жасап, тарифти көтөрүү боюнча маселе чечилип жатканын, эгерде айдоочулар каттамга чыгуудан баш тартышса, анда алар лицензияларынан ажыратылаарын билдирген болчу.