Митингдин төртүнчү күнү: Орхан Инандыны тапкан адамга 1 млн доллар сый акы берилет

Бишкекте бүгүн, 4-июнда, Өкмөт үйүнүн алдына «Сапат» мектептеринин дайынсыз жоголгон президети Орхан Инандынын тарапташтары кайрадан митингге чогулушту.

Акцияга катышкандар бийликти 31-майдан бери дайыны билинбей жаткан Инандыны таап берүүнү суранып жатышат. Чогулгандардын арасында студенттер, алардын ата-энелери жана билим берүү мекемесинин мугалимдери бар.

Митингдин модератору, Орхан Инандыны тапкан адамга «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрүнүн атынан 1 млн доллар сый акы берилерин билдирди. Инанды кармалып жаткан маалымат үчүн сый акы берилерин буга чейин «Сапат» билим берүү мекемеси дагы бышыктаган.

Орхан Инандыны колдогон ушундай эле митинг АКШда жашаган кыргызстандыктар тарабынан дагы өткөрүлдү. Алар эл аралык адам укугун коргоочу уюмдарга кайрылуу жолдошту.

Инанды — Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемелерин негиздеген төрт адамдын бири. Ал Кыргызстанда 1995-жылдан бери иштеп келет, ал эми «Сапатты» президент катары 2001-жылдан тартып жетектей баштаган.

Милициянын алдын ала маалыматына ылайык, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон — анын унаасы Бишкектин түштүгүндөгү 10-кичи районунда ачык бойдон табылган. Окуя коомдо чуу жаратып, буга президент Садыр Жапаров да реакциясын билдирген.

Жапаров УКМК менен ИИМге дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Кийинчерээк ИИМ башчысы Инандынын жоголушу боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алганы белгилүү болгон.

Ошол эле учурда, Инанды дайынсыз жоголгон күндөн бери укук коргоо органдары иштин чоо-жайы тууралуу маалымат берише элек.

Түркиянын элчилиги азырынча Орхан Инандынын жоголгонуна байланыштуу эч кандай комментарий жана аны колдоп митингге чыккандардын «Сапаттын» президенти уурдалды делген айыптарына жооп бере элек.

Буга чейин Инанды жетектеген билим берүү тармагы «Себат» деп аталган, бирко 2017-жылы бийлик билим берүү мекемелеринин атын «Сапат» деп өзгөрткөн. Билим берүү мекемелеринин аты «террористтик коркунуч» шектерин алуу максатында өзгөртүлгөн. Анда негиздөөчүлөрдүн тизмесине Кыргызстандын өкмөтү да кирген — учурда Билим берүү министрлиги «Сапаттын» 30% акциясына ээлик кылат.

Мурдараак Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактарын диниятчы Фетхуллах Гүлен негиздеген деп билдирген — Түркияда анын уюмдары менен мекемелери террористтик деп табылган, ал эми Гүлен өзү 2016-жылдагы мамтөңкөрүш аракетине айыпталган.

Ушуга байланыштуу Инандынын жубайы жолдошу дайынсыз жоголгондон кийин кайрылуу жасаган. Анда ал эгерде Орхан Инанды Түркияга депортацияланса, анда анын өмүрүнө коркунуч туулат деп айткан.