Кыргыз-тажик чек арасы: Баткенде абал тынч, эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында абал тынч, учурда эки өлкөнүн күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун башчысы Абдыкерим Алимбаев 4-июнда Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзода менен коомдук коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.

«[Облус башчылары] чек арадагы элди дүрбөлөңгө түшпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, эки тарап тең чек арага аскердик күчтөрүн алып кирбөө жана жайгаштырбоо боюнча макулдашышты», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Ошондой эле Алимбаевдин тапшырмасы менен Лейлек жана Баткен райондорунун акимдери Исфара жана Гафуров аймактарынын башчылары менен жолугушту. Учурда жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү менен биргеликте чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барышууда.

Чоң-Алайдагы окуя

УКМКнын чек ара кызматы тажик аскерлери 4-июнга караган түнү Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак айылында контейнер орнотконун кабарлаган. Андан кийин тажик аскерлери 600 метрге жылып кетишкен.

Чек арадагы абал саат 6:00до «чыңалуу» болуп, бирок саат 14:00го турукташа баштаганы маалымдалган. Ал эми инцидент болгон жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги боюнча директор Абдулат Мырзаев барышты.

Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда аталган аймак тактала элек экендигин билдирген. УКМКнын башчысы тажик тарап тактала элек аймактарга кирип, жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатышканын белгиледи.

УКМКнын башчысы өзүнүн тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен Чоң-Алай районунда жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Көп өтпөй Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чоң-Алай районундагы Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Сибе жана Чулук айылдарынын тургундарын эвакуациялоо иштери башталганын билдирди.

Ошондой эле, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразылык нотасын тапшырган. Анда буга чейинки эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынган токтомдорду тажик тарап бузуп, чек ара аймагындагы кырдаалдын курчушуна алып баруучу кезектеги «чагымчыл» аракет кылганын белгилеген.

Андан соң Тажикстандын тышкы иштер министрлиги да Кыргызстандын элчисине нота тапшырган. Коңшу өлкөнүн ТИМи Кыргызстандын расмий бийлигинин «Тажикстан чек ара боюнча макулдашууну бузду» деген билдирүүсүн «чындыкка дал келбейт» деп маалымдады.

Тажикстандын расмий бийлиги орнотулган контейнер чек ара күзөтү болоорун, ал протоколдук келишимдин негизинде жайгаштырылганын билдирди. Ошондой эле, Тажикстандын тиешелүү органдары аталган чек ара күзөтү паритет принцибине ылайык коюлду деп белгилешкен.