Чоң-Алай: Чек арага чектеш жашагандар эвакуацияланып баштады

Сүрөт: ӨКМ

Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылдарынын тургундарын эвакуациялоо иштери башталды. Бул туралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады. Жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга эвакуациялоо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жатат.

Мындан сырткары, өкүлчүлүктөн облус башчынын тапшырмасы менен гуманитардык жардамдарды уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Ал эми ӨКМден тургундар Дароот-Коргон айылындагы эки мектептин, №44 кесиптик лицейдин жана Борбордук мечиттин имараттарына эвакуацияланып жаткандыгын билдиришти.

Аталган аймактардагы тургундар тажик тарап Унжу-Булак аймагына контейнерлерди орнотуп, аскер кызматкерлерин жана техникаларын Кыргызстандын аймагына алып киргендигине байланыштуу коопсуз аймакка жылдырылып жатат.

Тажикстандын аскерлери контейнерлерди 4-июнга караган түнү орноткон — ал үчүн алар Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин киришкен. Андан кийин тажик аскерлери 600 метрге жылып кетишкен.

Инцидент болгон жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги боюнча директор Абдулат Мырзаев барышкан.

Кийинчерек Ташиев аталган райондун чек арага чектеш аймагында жашаган тургундар менен жолугушууда тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен жолуга тургандыгын айткан.

Ошондой эле, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразачылык нотасын тапшырган. Анда буга чейинки эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынган токтомдорду тажик тарап бузуп, чек ара аймагындагы кырдаалдын курчушуна алып баруучу кезектеги «чагымчыл» аракет кылганын белгилеген.

Андан соң Тажикстандын тышкы иштер министрлиги да Кыргызстандын элчисине нота тапшырган. Коңшу өлкөнүн ТИМи Кыргызстандын расмий бийлигинин «Тажикстан чек ара боюнча макулдашууну бузду» деген билдирүүсүн «чындыкка дал келбейт» деп маалымдады.

Тема боюнча:

Ташиев: Тажик тарап тактала элек жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатат

Тажикстан чек ара күзөтүн протоколдук келишимдин негизинде койгонун билдирди

Видео: Тажик аскерлери такталбаган аймакка контейнер орнотушту

ТИМ: Тажикстандын элчисине нота тапшырып, аскер күчтөрүн чыгарып кетүү талабы коюлду