Белгилүү куудул Рахман Разыков каза болду. Ал коронавирус менен ооруп жаткан

Рахман Разыков

Куудул, сатирик Рахман Разыков 7-июнга караган түнү каза болду. Ал 66 жашта эле.

Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Разыков акыркы он күндөн бери коронавирус менен ооруп, Ош шаарындагы ооруканалардын биринде жубайы менен дарыланып жатканын айтты.

«Кечээ түштөн кийин тамак алып баргам. Телефондо сүйлөшкөндө “кыйналып жатам, дарылар жардам бербей жатат” деди эле. Сүйлөгөндөн кыйналып трубканы аялына берген болчу», — деди ал.

Разыковду шакирттери, сахналаштары жана жакындары фейсбукта «эл үчүн күйгөн, чындык деп күйүп-жанган» инсан катары эскерип жатышат.

«Кыргыз сатирасы чоң жоготууга учурады. Агай жаткан жериңиз жайлуу болсун, бейиштик болуңуз!» — деп жазды фейсбук колдонуучусу Адилет Керимбаев.

Чындыкты сатира менен жеткирген куудул

Разыков Ош облусундагы Кара-Суу районунун Савай айылында туулган. Ал «Бешилик», «Беш кемпир», «Беш тапан», «Таң жылдызы» топторун түзүп, бир канча таланттуу жаштарды чоң сахнага алып чыккан.

Ал элдин сүймөнчүгүнө айланган сатирик эле. Көбүнчө өлкөдөгү көйгөйлөрдү, бийликтин элге жакпаган иш аракеттерин сатира менен жеткирген.

«Чоңдор түшүнбөсө көбүрөөк, ачуураак айталы деп баштадык. Коомдогу көйгөйлөрдү айтыш керек да. Бүгүн коомдо "ооруп" жаткан саясат болгондуктан тамашанын көбү саясатка арналып жатат [...] Сындабайын десем саясатчыларды карап отуруп, айла жоктон сатира жазууга туура келүүдө», — деген пикирин Разыков интервьюларынын биринде айткан.

Ал эми быйыл жыл башында Разыков «Ортодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан» концертине бийлик бут тосуп, УКМК бул боюнча аларды суракка да алганын айтып чыккан эле.

Разыков саясий көз карашын да активдүү билдирип турчу. Бир канча жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп, акыркы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен барган.

Разыковдун артында жубайы, үч уулу жана үч кызы калды.