Европа биримдиги куралдуу кагылышуудан жапа чеккен баткендиктерге 170 миң евро бөлдү

Европа Биримдиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган баткендиктерге гуманитардык жардам катары 170 миң евро (17,5 млн сом тегерегинде) каражат бөлдү. Бул тууралуу Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы 6-июнда билдирди.

Жардам Баткендеги эң көп жабыркаган райондорго, бери дегенде 6 миңге жакын адамга көрсөтүлөт, анын ичинде Лейлек району дагы бар», — деп белгилешти өкүчүлүктөн.

Акча каражаты Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому аркылуу, жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн чукул керектөөлөрүн камсыздоо максатында даректерине жеткирилет.

Мындан сырткары, Европа Биримдиги башка зарыл буюмдар — авариялык турак-жай үчүн материалдар, биринчи жардам көрсөтүү үчүн керектелүүчү шаймандар жана үй-тиричилигине керектүү буюмдар менен камсыздайт.

Өкүлчүлүктөн жабыркагандарга психологиялык жардам дагы көрсөтүлөрүн кошумчалашты.

Куралдуу чыр-чатактан кийин кыргызстандыктар жабыркаган Баткен облусунун тургундарына дароо гумжардам чогулта баштаган. Төрт күн ичинде эле «Баткенге жардам» штабы Тажикстан басып кирген аймакка 120 тонна азык-түлүк жана кийим-кече жиберген.

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар дагы гумжардам жөнөтүп турушкан. Ал тургай башка өлкөлөрдөн да колдоо келген.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

29-апрелде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Куралдуу агрессиядан Баткендин Баткен жана Лейлек райондорунда 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон. 


Кыргыз -тажик кагылышуусунан кийинки жоготуулар. Өрттөлгөн үйлөр жана социалдык объектилер


Чек арада ок атууну токтотууну тараптар 1-майда өкмөттүн делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин макулдашышкан. 3-майда Кыргызстан менен Тажикстан кошумча күчтөрдү чек арадан туруктуу жайгаштыруу жерине чыгарып кетишкен. Ошол эле күнү эки тараптын бийлиги бири-бирин жаңжалдын башталышына күнөөлөп, кылмыш ишин ачышкан.