Баткен: Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом кенемте төлөнөт

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусуна иш сапары менен барып, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан жабыркаган Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров бүгүнтөн баштап Максат айылында жана башка жапа чеккен айылдарда калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталарын, бузулган үйлөрдүн ордуна жаңы заманбап турак-жайлар куруларын белгиледи. Курулуш иштерин эки айдын ичинде бүткөрүү болжолдонууда.

«Мамлекет башчысы жакын арада Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн, жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Эл президентке негизинен мамлекет тарабынан колдоо, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо, пенсия жана жөлөкпулдар, жоголгон документтерди калыбына келтирүү, жолдорду оңдоо жана башка маселелер боюнча суроо берди.

Жапаровдун жергиликтүү тургундар менен жолугушуусун президенттин күзөт кызматы сүрөт-видеого тартууга тыюу салганын «Азаттык» билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

Чек арадагы ок атуулардын кесепетинен 189 киши жарадар болуп, анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 88 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 20 киши набыт болгонун кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Мындан улам кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.