Видео: Сузактын тургуну экинчи аял алып той берди, милиция окуяны териштирүүдө

Сузактын тургуну эки аялы менен

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну экинчи аял алып, аялынын жана балдарынын катышуусунда той берди. Сузак РИИБи «Эки же андан көп аял алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Эмне болду?

Июнь айынын башында соцтармактарда «“Күндөшүм эмес, сиңдиме бакыт тилейм”. Сузакта аялы өз күйөөсүнө экинчи аял алып берди» аталышындагы тасма тараган.

Видео тойканалардын биринде тартылган. Тасма экинчи аял алып жаткан күйөөсүнө «бакыт» каалаган аялдын сөздөрү менен башталат.

«Мен күндөшүм эмес, сиңдиме бакыт тилейм. Ар дайым бирге кубанып жүрөлү. Бактылуу болгула!» — деген аял.

Ошондой эле, кишинин өспүрүм уулу жана кызы атасын «эки апам менен тең бактылуу болуңуз» деп куттукташкан.

Ал эми келген коноктордун бири «мындай ишти март адамдар гана кыла алат» деп, кишинин биринчи аялына «ыраазычылык» билдирип, ал убадасында аягына чейин турат деп үмүт арткан.

«Бул аялга ийилип таазим кылам. Сиздейлер аз. Сузакта Дилшод аке башы жана аягы болсо керек, сонун, сөз жок! Силердин үй-бүлөңөрдү баары мактап жатат. Бул даражага жетүүдө Дильфузанын салымы чоң. Эми март адамдар убадасын аягына чейин кармайт да, ээ? Сиздин үмүтүбүз чоң» — деген ал.

Андан соң киши экинчи аялы менен кол чабуулардын астында тойканага кирип келген кадрды көрүүгө болот. Андан тойдун алып баруучусу «түбөлүкө бирге болуңуздар» деп мааракени ачып берген.

«Бүгүнкү кечебизде өзгөчө биздин Дилшод агабыз сүйүнүп, кубанып турат. Андыктан бүгүн той, бүгүн майрам, жаштыкты эске салып турат. Андыктан туугандар эки жаштын көтөрүңкү маанайы үчүн дагы бир ирет кол чабабыз!» — деген ал.

Кызуу талкуу

Тойдун жүрүшүндө эркек киши эки аял менен тең чогуу бийлеген — тойго катышкандар кол чаап, акча кыстарышкан.

Аталган окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, тасманын астында комментарий калтырган эркектердин көпчүлүгү биринчи аялга ыраазычылык билдиришкен.

Ал эми кээ бир аялдар жолдошуна аял алууга ыраазычылыгын берген аялды сынга алып, «бул акылга сыйбаган иш экенин» айтышкан.

Мындан сырткары соцтармак колдонуучулары кишинин биринчи аялы «күйүтүнө чыдабай асынып алыптыр деген маалыматтар бар экенин» жазышкан.

Милиция териштирүүнү баштады

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев аталган факт Сузак РИИБине «Эки же андан көп аял алуу» беренеси менен 10-июнда катталганын билдирди. Ал эми «аял асынып алыптыр» деген маалымат жалган экенин айтты.

Турганбаев киши эки аялы менен эки башка үйдө жашап жатканын айтып, тергөө иштеринин натыйжасында тиешелүү чаралар көрүлөт деп кошумчалады.

Кыргызстанда эки же андан көп аял алууга тыюу салынган. Мурда Жазык кодексинде көп аялдуулук үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган болчу. Бирок 2017-жылы түзөтүү киргизилгенде бул беренени декриминалдаштырылып, азыркы учурда жаза — 100 миң сомдон 140 миң сомго чейин айып төлөө же коомдук иштерге тартууга өзгөртүлгөн.