Эдуард Кубатов: УКМКга суракка эмес, «Центерра» боюнча жолугушууга бардым

Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Эдуард Кубатов УКМКга Кумтөр иши боюнча сурак берип чыкты делген ЖМКдагы маалыматты төгүндөдү. Бул туралуу ал «Азатыкка» курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, УКМКга ал консультациялык жолугушууга чакырылган.

«Менин суракка чакырылганым жөнүндө туура эмес маалымат тарап жатат. 9-июнда мен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына бардым. Биз "Центерранын" директорлор кеңешине байланыштуу сүйлөштүк. Бул кылмыш иши эмес, сурак эмес, консультациялык жолугушуу болду. Мен "Центерранын" айланасындагы жагдайды түшүндүрүп бердим», — деди Кубатов.

Эдуард Кубатов — «Центерра Голд Компани» ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү жана Индонезиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу. Мурда УКМКда иштеген.

Алтын казуучу тармакта Кубатов 2007-жылдан бери иштеп келет. Анда ал Kazakh Gold Group компаниясынын президентинин башкы кеңешчиси жана директорлор кеңешинин төрагасы болгон.

Кийин ал «Талас Голд Майнинг Компани» ЖАКтын башкы директору болгон.

2011-жылы орусиялык ишкер, миллиардер Михаил Прохоровдун Polyus Gold Int компаниясынын туунду ишканасы Polyus Gold Kyrzystanды жетектеген.

Компания Жерүй кенинде алтын казып иштеген.

Кумтөрдүн иши

УКМК бир катар мурдагы жана азыркы саясатчыларды, жогорку кызматтагы чиновниктерди «Кумтөр» иши боюнча суракка алган жана кармаган. Кармалгандардын көпчүлүгү коррупцияга шектелүүдө.

Алардын арасында эки экс-премьер-министр бар — Өмүрбек Бабанов жана Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан тышкары, УКМКнын ТИЗОсунда бир катар депутаттар кармалып турат:

  • Исхак Пирматов;
  • Асылбек Жээнбеков;
  • Төрөбай Зулпукаров;
  • Талантбек Узакбаев;
  • Алмазбек Баатырбеков.

Ошондой эле, 9-июнь күнү кечинде кармалгандардын тизмесине Алмазбек Атамбаевдин убагындагы президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев дагы кошулду.

Ошондой эле «Кыргызпатенттин» башчысы Динара Молдошевага дагы эч жакка кетпөө тилкаты берилген. Молдошева жашы жете элек балдары бар болгондуктан кармалган жок.Башкы прокуратура Кумтөр кенин казуу боюнча түзүлгөн келишимдин айланасындагы коррупция боюнча иликтөө башталганын 21-майда билдирген.

Көзөмөл органынын маалыматына таянсак, 1992-жылдын 2019-жылга чейин жогорку кызмат адамдары жана «Кыргызалтындын» жетекчилиги «бийлик ыйгарымдарына ээлик кылып турганда» Канаданын «Камеко» жана Centerra Gold Inc компаниялары менен мыйзамсыз материалдык жана башка байлыкка ээ болуу максатында «мыйзамга жат жана туруктуу байланыш түзүп», «Кумтөр» кенин казууда Кыргызстан үчүн бир катар пайдасыз келишимдерге макулдугун беришкен.

«Материалдык жана башка кызыкчылыктарын көздөгөн артыкчылыктарын алуу максатында алар “Кумтөр” алтын кенин иштетүү үчүн Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келген бир катар макулдашууларды түзүшкөн», — деп билдиришкен Башкы прокуратурадан.

«Камеко» жана Centerra Gold Inc компаниялары Кумтөр кенин Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн аймагында каза баштаган. Бирок кийин «Камеко» келишимден чыгып, Centerra Gold Inc кен казууну жалгыз уланткан.

Акыркы бир айда Кумтөр алтын кени жана анын айланасындагы чуулар коомчулук менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын көңү чордонунда болууда. Ал эми 7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда каалаган компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Тема боюнча: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кийин 18-май күнү өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.

Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».