«Кумтөр иши»: Баатырбеков менен Нарымбаев камакка алынды

Алмазбек Баатырбеков / Данияр Нарымбаев / Динара Молдошева

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кумтөр ишинин» алкагында мурдагы вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Молдошеваны 9-июнда кармады. Алар «Коррупцияга» шектелүүдө.

Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту Баатырбеков жана Нарымбаевди УКМКнын тергөө абагына 31-июлга чейин камакка алды. Ал эми Молдошева «үй-бүлөлүк абалы жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен» башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат менен бошотулган.

Алмазбек Баатырбеков Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылыштарынынын депутаты болгон. Ал 2020-жылдын июль айында биринчи вице-премьер-министр кызматына дайындалып, бирок октябрдагы төңкөрүштөн кийин отставкага кеткен.

Данияр Нарымбаев 2011-2012-жылдары өлкө башчынын парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү, ал эми 2012-2015-жылдары президенттик аппаратты жетектеген. Ал эми Динара Молдошева 2007-2010-жылдары «Ак жол» партиясынан депутат болуп, 2011-2012-жылдары өкмөттүн Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болчу. Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде ал «Кыргызпатенттин» төрайымы болуп дайындалган.

«Кумтөр иши»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген жогорку кызматтагы адамдарына карата козголгон.

Бул иштин алкагында биринчилерден болуп мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кармалган. Ал «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелүүдө.

Ал эми 31-майда экс-премьер Өмүрбек Бабанов, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалышкан. Алардын баары «Коррупцияга» шектелип, эки айга камакка алынышкан.

Кийинчерээк УКМКнын башчысы «Кумтөр ишинин» алкагында мурдагы президенттер да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бабанов «Кумтөр» иши боюнча айыптарды «суу кечпеген жүйөө» деп атады

Асылбек Жээнбеков кармалганын саясий куугунтук деп эсептейт — адвокат