Ысык-Көл: Киши көлгө чөккөн кызын куткарам деп өзү да чөгүп кетти

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булак айылында 10-июнь күнү 42 жаштагы киши 10 жаштагы кызы менен көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин аталган облустагы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач кыз чөгө баштаган. Атасы аны куткарууга аракет кылып, бирок өзү да чөгүп кеткен. ӨКМдин нөөмөт бөлүмүнө саат 13:40та маалымат түшүп, 4 куткаруучу жерине жөнөтүлгөн.

Бирок алар келгенче жергиликтүү тургундар экөөнүн тең сөөгүн суудан чыгарышкан.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Талас облусунун арал айылында эне-бала көлмөгө чөгүп каза болгон — 4 жаштагы бала көлмөнүн үстүндө муз тээп жүргөн. Ал капыстан жарылып, бала сууга чөгүп кеткен. Апасы уулун куткарам деп артынан түшүп, натыйжада экөө тең чөгүп каза болгон.

Уулунун сөөгүн атасы таап чыккан. Ал эми аялдын сөөгүн ӨКМден тартылган төрт куткаруучу суудан чыгарышкан.