«Баласын куткарам деп». Таласта эне-бала сууга чөгүп каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Талас облусунун Арал айылында 14-февраль күнү эне-бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4 жаштагы бала көлмөнүн үстүндө муз тээп жүргөн. Ал капыстан жарылып, бала сууга чөгүп кеткен. Апасы уулун куткарам деп сууга түшүп, натыйжада экөө тең чөгүп каза болгон.

Уулунун сөөгүн атасы таап чыккан. Ал эми аялдын сөөгүн ӨКМден тартылган төрт куткаруучу суудан чыгарышкан.

«Бала мурда көлмөнүн үстүндө муз тээп ойночу экен. Күн жылып калганына байланыштуу муз ээрип калган», — деди басма сөз катчы Динара Сарногоева.

Милициядан окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын белгилешти.

Буга чейин өткөн жылдын 14-сентябрында Ош облусундагы Ош — Папан — Кожокелен жолунда эки унаа кагылышып, биринчи унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.

Сууга кулаган унаанын айдоочусу секиргенге үлгүрүп калган, ал эми унаада бараткан 64 жаштагы таята менен төрт жаштагы небере унаа менен кошо дарыяга кулап кеткен. Төрт күндөн кийин 64 жаштагы кишинин сөөгү табылган.

Ал эми баланын сөөгүн 28-сентябрда Орусияда мигрант болуп жүргөн апасы келип тапкан.

Ош: Ак-Буурага кулап кетип изделип жаткан 4 жаштагы баланын сөөгүн апасы тапты