Айыл чарба министрлиги азык-түлүктүн айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салууну сунуштады

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын аймагынан азык-түлүктөрдүн айрым түрлөрүн ЕАЭБдин тышына чыгарууга тыюу салууну сунуштады.

Экспортко тыюуну 8-июлдан тартып жарым жылга киргизүү сунушталды. Айыл чарба министрлиги өз долбоору менен төмөнкү азык-түлүктөрдү чыгарууга тыюу салууну сунуштайт:

  • буудай;
  • жүгөрү;
  • арпа;
  • күрүч;
  • буудай уну;
  • өсүмдүк майы;
  • кумшекер;
  • тоок жумурткасы;
  • тоюттар (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту). 

Айыл чарба министрлиги азык-түлүктөрдү чыгарууга тыюу салуу айыл чарба продукцияларынын кескин жетишсиздигин жана баалардын кымбаттап кетүүсүн алдын алуу үчүн көрүлгөн иш-аракет экенин түшүндүргөн.

Айыл чарба министрлиги мындай чарага айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн айдоо аянттарынын азайышы, анын натыйжасында айрым айыл чарба продукцияларынын өндүрүшү кыскарганы дагы себеп экенин айтты. Мындан улам республиканын ички азык-түлүк рыногунда баалар 60-70 пайызга өсүп кеткен.

Буга чейин дагы айыл чарба министрлиги ушундай эле чараларды колдонгон. 2020-жылдын ноябрында ведомство өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн бир гана айыл чарба продукцияларын эле эмес, ача туяктуу малдарды да чыгарууга тыюу салган.

Жаңы токтом долбоорунда айыл чарба министрлиги 2020-жылдын ноябрында киргизилген тыюу рынокто абалды турукташтырууга өбөлгө болгонун белгилейт.

«Айыл чарба товарларынын түрлөрүн тышка ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу мөөнөтү бүткөндөн кийин ушул товарларды массалык түрдө экспорттоо жаңы күч менен башталат, жыйынтыгында республиканын ички азык-түлүк рыногунда айыл чарба азыктарынын азайышы болжолдонууда, мунун айынан тамак-аш азыктарынын баалары өсүп кетет», — деп божомолдошот ведомстводогулар.

Башка себептердин ичинен айыл чарба министрлиги кыш мезгилинде кар аз түшүп, жаз кечигип келгендиктен быйылкы айыл-чарба жумуштары үзгүлтүккө учураганын белгилеген.

«Кыргызметео кызматынын алдын-ала берген маалыматтарына ылайык, жайдын кургакчыл болушу күтүлүүдө, анын кесепети айыл чарба өндүрүшүнө терс таасир берет», — деп айтылган токтомдо.