Энергетика министрлиги электр энергия үчүн тарифти 1,09 тыйынга жогорулатууну сунуштады

Жакында дайындалган энергетика министри Доскул Бекмурзаев отун-энергетикасы жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында, министрлик электр энергиясы үчүн жаңы тарифтерди иштеп чыкканын билдирди. Тарифтер жакын арада коомдук талкууга коюулат.

Бекмурзаев кандай сунуш айтып жатат?

Анын айтымында, калкты социалдык абалы жана бийик тоолу аймакта жашаганы боюнча бөлбөй турган бирдиктүү тариф болот. 1000 кВт/ саат үчүн лимит калктын баарына коюлат. Башка тариф калган категорияларга.

«Калк үчүн 1 сом 9 тыйын өлчөмундөгү тариф сунуштап жатабыз, башкача айтканда тариф 32 тыйынга көтөрүлөт. Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн электр энергиясын колдонууга кышында да, жайында дагы чектөөлөр болбойт. Суу тартыштыгына байланыштуу калктын негизги бөлүгүнө кыш мезгилинде 1000 кВт/саат босогосун калтырууну, ал эми ишмердүүлүктүн башка түрлөрүнө тарифти 5 сом 4 тыйынга жогорулатууну сунуштайбыз», — деп айтып берген Доскул Бекмурзаев.

Азыркы учурда Кыргызстанда 1 кВт/саат үчүн 77 тыйын өлчөмүндөгү тариф иштейт, бирок мындай баа лимиттен ашырбаган учурда төлөнөт. Учурда тоолу аймактардын жашоочулары үчүн 1000 кВт/саат, калган жашоочулар үчүн 700 кВт/сааттык чектөө бар. Лимиттен ашкан учурда алар 1 кВт/саат энергия үчүн 2 сом, 16 тыйын төлөйт. Юридикалык жактар 1 кВт/саат үчүн 2,24 сом, насостук станциялар 77,9 сом, балдар үйлөрү 1,58 сом.

Майнинг фермалар үчүн өзүнчө тариф иштелип чыккан — 1 кВт/саат үчүн 2,91 сом. Ал 2020-жылдын октябрынан бери иштеп баштаган. Бирок азыркы энегокризиске байланыштуу майнерлер дээрлик мыйзамсыз ишмердүүлүкккө айланды — аларды УКМК «энерго сектордогу коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу жана республикадагы электр энергиясынын кескин тартыштыгынан улам» аткарылып жаткан иштердин алкагында кармап жатат.

Буга чейин кандай тариф сунушталган?

Октябрь окуясынан кийин 2020-жылдын декарында тарифтерди көтөрүү маселеси дароо жаралган. «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ААКтын жетекчилигинин айтымында, энергетикалык кубаттулукту ушинтип кана көбөйтүп, экономиканы өнүктүрсө болот.

Жеңилдетилген тарифти калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн калтыруу сунушталган, ал эми «калган колдонуучулар рыноктун режиминде» жашашы керек. Ошол эле кезде электр энергиясы бери эле дегенде жакынкы жылда үзгүлтүксүз берилерин кыргызстандыктарга убадалай алышкан эмес.

2021-жылдын февралында Улукбек Марипов (ошол кезде өкмөт башчысы, учурда министрлер кабинетинин төрагасы) электр энергиясынын тарифи кайра караларын билдирген. Анын айтымында, өкмөттүн токтомуна ылайык, электр энергиясынын тарифи жыл сайын 10%га көтөрүлүп турушу керек.

Арадан эки ай өткөн соң, апрелдин аягында, тарифтерди көтөрүү керектигин президент Садыр Жапаров дагы айтып чыккан. Ал фейсбуктагы барагында «2025-жылга дейре энергетикалык кризистен чыгуу үчүн» электрдин тарифин көтөрүүнү демилгелеген.

Тема боюнча: Жапаров энергетикалык кризистен чыгуу үчүн электрдин баасын көтөрүүнү сунуштады

Бирок бардык керектөөчүлөр үчүн эмес: Жапаров үй-бүлөлөрдү «жашоо-турмушу “Кудайга шүгүр”» жана «аз камсыз болгондорго» бөлүп, «жашоо-турмушу “Кудайга шүгүр” үй-бүлөлөргө» кышкы мезгилде тарифти 1000 кВт/с керектөө үчүн 2,29 тыйын деп бекитүүнү сунуштаган.

Ал эми «аз камсыз болгондор» үчүн электр энергиясын колдонуу чектөөсүн таптакыр алып, аларга 1 кВт/с керектөө үчүн бааны 77 тыйындан 74 тыйынга азайтып берүү сунушталган, ошол эле учурда «аз камсыздуулуктун» критерийлери көрсөтүлгөн эмес.

Кийинчерээк пост кандайдыр бир себептерден улам оңдолуп, андагы «жашоо-турмушу “Кудайга шүгүр”» жарандардын тарифтери жөнүндөгү бөлүгү жок болуп кеткен. А бирок өлкө башчысынын расмий сайтында сакталып калган.

Президентти улай, тариф маселеси боюнча ошол кезде энергетика министрлигин жетектеп турган Кубанычбек Турдубаев пикирин билдирген. Ал акыркы чечим 2021-жылдын август айында, «ар ким ой-пикирин сунуштай ала турган» коомдук талкуу аягына чыкканда кабыл алынарын, айткан.

«Ошондон кийин гана өкмөт долбоорду жактыруу үчүн киргизет. Аны жактыруу үчүн убакыт бүгүнтөн баштап августка чейин», — деген министр.Турдубаев өлкө жарандары үчүн тарифтик сетка кандай өзгөрөөрүн дагы айтып берген:

  • аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн — бир кВт/с үчүн 74 тыйын;
  • алыскы, жашоо шарты оор, тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн — бир кВт/с үчүн 1,04 сом;
  • калган керектөөчүлөр үчүн — бир кВт/с үчүн 1,48 сом.

«Бул сандар кайдан алынган? 1,48 — бул энергокомпаниялардын 2020-жылга карата чыгымдары боюнча түзүлгөн базалык тариф. Бирок бул тариф төмөнкүлөрдү эске албайт: импорттук электр энергиясын сатып алууну, Бишкек ЖЭБдеги генерацияны көбөйтүүдөгү кошумча чыгымдарды жана энергетикалык тармактын кредит жана карыздары боюнча негизги төлөмдөрдү», — деп түшүндүргөн энергетика министри.

Ошондой эле, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз болгондуктан өкмөт кыш мезгилинде колдонуу 1000 кВт/сааттан ашканда 2,29 сом төлөөнү сунуштап жатканын кошумчалаган.

Кийин Садыр Жапаров дагы бир жолу тарифтерди көтөрүү керектигин айтып чыккан, бул ирет ал тарифти көтөрүү маселесин «Пирамида» телеканалына курган маегинде билдирген. Президент эгер тарифтер көтөрүлбөсө энергетикалык тармактын объектилери көтөрө албай, эл электр энергиясы жок калып, «тезек термей, чырак жакмай» деген жашоого түшүп каларын айткан.

Президенттин тезек терүү боюнча айткандары социалдык тармактарда коомчулуктун нааразылыгын жараткан. Кыргызстандыктарга отундун ушул түрүн чогултууну тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев 2008-2009-жылдардагы энергетикалык кризис мезгилинде сунуштаган болчу.

Тема боюнча: Жапаров: Тарифти өзгөртпөсөк «тезек термей» деген жашоого түшүп калабыз

Кыргызстандагы энергетикалык кризис

2020-жылдын августунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков да республикада электр энергиясы тартыш болорун айткан. Ошол убакта Кыргызстанга Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд кубометр суу тартыш болчу.

Ошентсе да мурдагы бийлик калктын электр энергиясын колдонуусуна чектөө киргизбей турганын убадалаган. Бийлик суу сактагычтагы суунун тартыштыгын бир нече жылга созула турган суунун тартылуу мезгили менен байланыштырган.

2020-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз болгонуна байланыштуу, Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан сатып алууга мажбур болгон. Вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, Токтогул суу сактагычында 19,5 млрд кубометр суунун ордуна болгону 14,7 млрд кубометр суу топтолгон.

«Электр энергиясын камсыз кылыш үчүн өкмөттүн буйругуна ылайык, Казакстан менен 300 млн киловатт-саат электр энергиясына товар алмашуу болду. Ошондой эле 2020-жылдын аягына чейин Казакстандан баасы 2,4 америкалык центтен 500 млн киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча чечим кабыл алынган», — деп билдирген ал.

Бирок 2020-жылдын октябрь айында өлкөдө бийлик алмашып, кышкы суук башталганда жарык өчүрүүлөр боло турганы белгилүү болгон: электр энергиясын колдонуу жогорулагандыктан көмөк чордондорго күч келип, жарык автоматтык түрдө өчүп калышы мүмкүн. Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга чакырган.

Алар маал-маалы менен өчүрүү болбой турганын убада кылып, үйдү жылытуу үчүн газ жана көмүр жагып, электр жарыгын үнөмдөөгө чакырган.

18-декабрда өкмөттө республикада боло турушу мүмкүн энергетикалык кризиске байланыштуу кезексиз жыйын өткөн. Анда премьер-министрдин милдетин аткаруучу жана биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков электрди жана жылуулукту иштеп чыгуунун жетиштүү көлөмүн камсыздоо үчүн экинчи гидроагрегатты ишке киргизүүнү сунуштаган.

2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.

Тема боюнча: Кургакчылык. Суунун бир бөлүгү Казакстан менен Өзбекстанга электрдин акысына берилип жатат

Алгачкы агызуулар 1-июнда башталган. Ошол эле мезгилде, фермерлер жана айыл-чарба министрлиги өлкө кургакчылыктын чегине жетип калганын, Чүй облусунда түшүмдөн кол жууп калуу коркунучу пайда болгонун айтышууда. Суу жетишсиздигинен улам Бишкек шаарында дагы сугат суусунун тартыштыгы жаралган.