Бишкек: Ырсалиев биринчи вице-мэр, Сазыкулов вице-мэр болуп дайындалды

Жамалбек Ырсалиев жана Максатбек Сазыкулов

Бишкек шаарынын турак жай, коммуналдык чарба иштери боюнча биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев кызматынан алынып, анын ордуна вице-мэр Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Бакетаев башка кызматка кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулган. Мындан сырткары Максатбек Сазыкулов экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэр болду.

Ырсалиев жана Сазыкулов

Жамалбек Ырсалиев 1975-жылы Нарын облусунун Жерге-Тал айылында туулган. Ал 2009-жылы Эл аралык укук, каржы жана бизнес башкаруу академиясынын Юриспруденция адистигин аяктаган. Андан кийин Орусияда Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча билим алган.

Ырсалиев 1994-1998 -жылдары Тогуз-Булак дыйкан чарбасынын мүчөсү болгон. Ал 1998-2013-жылдары «Ислам маданияты», «Теңир-Тоо-Дордой» гезитинде жана Замандаш» журналынын башкы редактору болуп иштеген. 2013-2015 - жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык тамактануу департаментинин директорук кызматында иштеген. Андан соң Бишкек шаардык кеңешинин 26-чакылышынын депутаты болгон.

Максатбек Сазыкулов 1977-жылы туулган. 1994-1999-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде билим алган. Кийин ошол эле университеттин аспирантурасын бүтүргөн. 2012-2014-жылдары Жапониянын Эл аралык университетиде окуп келген. 2017-2021-жылдары Кыргызстандагы Мамлекеттик башкаруу академиясында окуп билимин тереңдеткен.

Сазыкулов 1994-жылдан тарта бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген. Ал буга чейин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунда өнүктүрүү департаментин жетектеген.