«Клооптун» фемицид тууралуу изилдөөсү дүйнөлүк Sigma Awards конкурсунун жеңүүчүсү болду

Дүйнөлүк The Sigma Data Journalism Awards конкурсунун калыстар тобу 16-июнда жеңүүчүлөрдү жарыялады. Жеңүүчүлөрдүн катарын «Клооптун» дата-журналисттери Анна Капушенко менен Савия Хасанованын Кыргызстандагы фемицид тууралуу эмгеги толуктаган.

Кыргызстандык журналисттер бул абройлуу конкурстун сыйлыгына алгачкы жолу ээ болуп жатышат.

2021-жылы конкурста ар түрдүү 13 долбоор жеңишке жеткен, алардын ичинде кыргызстандык журналисттердин дагы изилдөөсү бар. Жалпы байге фонду 5000 долларды түзөт, ал бардык жеңүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрүлөт.

Бул жылы конкурска дүйнөнүн 68 өлкөсүнөн 545 долбоор тапшырылган. 140 долбоор шорт-листке кирген.

Кыргызстандык журналисттердин изилдөөсү эмне жөнүндө?

Долбоордун авторлору Кыргызстанда аялдарды кимдер жана кантип өлтүрүшөөрүн изилдешкен. Изилдөөнүн уникалдуулугу буга чейин эч ким, эч качан Кыргызстанда аялдарды өлтүрүүгө эмнелер негиз болоорун жана алардын мыйзам ченемдигин изилдебегенинде.

Ар кандай булактардан чогултулган маалыматтарды колдонуу менен дата-журналисттер аялдарды өлтүрүү — үй-бүлөдөгү дайыма кайталанган зомбулуктун негизги кесепети экенин далилдешкен.

«Аялдарды өлтүрүүнүн учурларын дыкат изилдеп чыгып, 2008-жылдан бери Кыргызстанда 300дөн ашуун фемицид учуру болгонун аныктадык. Иш жүзүндө мындай учурлар кыйла көп. Биздин талдоо фемициддин 75%ы киши колдуу болгон аялга тааныш болгон адам, жыныстык өнөктөшү, тууганы же жолдошу тарабынан жасалганын көрсөтөт. Ошондой болсо да аялдардын өмүрүнө көбүнесе тек гана күйөөлөрү кол салган. Аялдарды өлтүрүү учурларынын 11%ы гана көчөдө бейтааныш адам тарабынан жасалган», — деп айтылат макалада.

Изилдөөнү окуп чыгуу: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Долбоордун үстүнөн иштегендер:

Иллюстрациялар: Алина Печёнкина

Жаңылыктарды топтогон: Эдил Байызбеков

Редактор: Азиза Раимбердиева

Кыргызчалаган: Алмир Алмамбетов жана Кайрат Замирбеков

Англис тилине которгон: Фонд Respond Crisis Translation

Конкурс тууралуу

The Sigma Data Journalism Awards — бул бүткүл дүйнө жүзүндөгү дата- журналистика тармагынын эң мыкты адистерине арналган конкурс. Ал берилиштер менен иштеген журналисттердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн иштеп келе жатканына эки жыл болду.

2021-жылы Sigma Awards сыйлыгы дата-журналистика тармагындагы эң жогорку жетишкендиктерге, пандемия жөнүндөгү, андан тышкары саясат, спорт же курчап турган чөйрө сыяктуу темаларды камтыган долбоорлорго арналган.

Алгачкы жолу конкурс 2020-жылы өткөн — анда калыстар дүйнөнүн 66 өлкөсүнөн келген 510 билдирүүнү карашкан.