Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга Токтогул суу сактагычынан 900 млн кубометр суу берет

Казакстандын экология жана табигый ресурстар министринин орун басары Серик Кожониязов 2021-жылы Казакстандын түштүгүндө суу тартыштыгы уланып жатканын билдирди. Кыргызстандын аймагындагы Токтогул суу сактагычындагы суудан көз каранды болгон Сырдарыя дарыясы соолуй баштаган.

Ведомствонун маалыматына караганда, вегетациялык мезгилдин башында Токтогул суу сактагычында 15 млрд кубометр суу топтолгону норма деп эсептелет. Ошол эле учурда, 2021-жылдын 1-апрелине карата суу сактагычта болгону 8,7 млрд кубометр суу болгон.

Министрдин орун басары белгилегендей, бул дарыя аралап өткөн өлкөлөрдүн баарына кыйынчылык жараткан. Анын айтымында, Кыргызстан жана Тажикстан үчүн электр энергиясын алууга суу жетпей жатса, Өзбекстан менен Казакстан жана Тажикстанга — сугат иштери үчүн суу жок болууда.

«Бул шарттарга ылайык Казакстан жана Өзбекстан Кыргызстанга электр энергиясы менен товар алмашууну макулдашышты: Кыргызстанга (кайтарым негизинде) вегетациялык мезгил башталганга чейин электр энергиясын берүү, өз кезегинде Кыргызстан июнь-августта, сугатка суу көп талап кылынганда Токтогул ГЭСинде электр энергиясын өндүрүп, Казакстан менен Өзбекстанга алынган электр энергиясын кайтарып берет, аны менен бирге суу сактагычтан суу агызат», — деди Кожониязов.

Тема боюнча: Кургакчылык. Суунун бир бөлүгү Казакстан менен Өзбекстанга электрдин акысына берилип жатат

Анын айтымында, Казакстан Кыргызстанга 300 млн кВт/саат (болжол менен 330 млн кубометр суу) электр энергиясын берип бүттү. Бул көлөмдү Кыргызстан 1-июндан тартып төлөй баштап, 31-августка чейин кутулушу керек. Андан тышкары, июнь-август айларында кошумча 330 млн кубометр суу агызышы керек.

«Өзбекстан Кыргызстанга 250 млн кВт/саат энергия берди, анын акысын июнь-август айларында кайтарып алат, аны менен катар 257 млн кубометр сугат суусун да алууга тийиш», — деп кошумчалады министрдин орун басары.

Демек, Токтогул суу сактагычынан жалпы-жонунан Казакстанга 660 млн кубометр жана 275 млн кубометр Өзбекстанга агызылат — жалпы 935 млн кубометр суу.

Мындан тышкары, Казакстан менен Өзбекстан Токтогул суу сактагычынан Кыргызстан менен макулдашуунун алкагында агызылган суунун көлөмүн Тажикстан аркылуу транзит менен алууну макулдашышкан.

Зарылчылык жаралса, өлкөлөр Тажикстан менен сүйлөшүп «Бахри Тчик» суу сактагычынан кошумча суу агызуу тууралуу макулдашса болот.

Сууну агызуу жана фермерлердин митинги

Мурдараак Бишкекте бийликтен кургакчылыкка көңүл бурууну суранып, айдоо жерлеринде түшүм күйүп жатканын айтып Чүй облусунун дыйкандары бир нече ирет митингге чыккан.

Митингге чыккандар жакынкы 7-10 күндө суу келбесе эгин күйүп кетерин айтышууда. Бул бир гана чыгымдарга эмес, Бишкекти азык-түлүк менен камсыздоого кедергисин тийгизет. Ушундай эле билдирүүнү дыйкандар өткөн аптанын аягында дагы айтып чыгышкан, бирок айдоого сугат суусу келген эмес.

Бийлик 1-июлдан тартып 1650 млн кВт/саат көлөмүмүндө электр энергиясын алуу жөнүндөгү келишимдин шарттарын аткаруунун алкагында Казакстан менен Өзбекстанга суу агызып жатат. Анын ордуна Кыргызстан 2023-жылга чейин жай мезгилдеринде суу берип кутулуп турат.

Кыргызстандын «Электр станциялары» төмөндөгүдөй түшүндүрмө берген: электрэнергиясы менен камсыздоо тууралуу макулдашууларга «Токтогул суу сактагычындагы суу ресурсун сактап калуу, калкты жана өлкөнүн экономикасынын тармактарын үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоо, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү» максатында март айында эле кол коюлган.

Келишимге ылайык, Казакстан 2021-жылдын март айынан тартып ноябрга чейин Кыргызстанга 900 млн кВт/саатка чукул электр энергиясын берет, ал эми Өзбекстан 2021-жылдын мартынан 2022-жылдын апрелине дейре 750 млн кВт/саат электр берүүгө милдеттү. Республикалар келишим боюнча милдеттерин аткарып жатышат, эми болсо Кыргызстан өз милдеттерин аткара баштаган.

Макулдашууларга ылайык, Кыргызстан июндун акырына чейин бир гана Казакстанга Токтогул суу сактагычынан 77 млн кубометр суу агызууга милдеттүү. Тараптар бул маселени майдын аягында талкуулашкан.

Суу тартыштыгы жана энергетикалык каатчылык

Суу тартыштыгы 2020-жылы бүткүл Борбор Азия чөлкөмүн каптаган.

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдө суу жана электр энергиясынын тартышы жараларын в билдирген. Бул жөнүндө ал 2020-жылдын август айында айткан. Ал кезде Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд кубометр суу жетишсиз болчу.

Ошол эле учурда бийлик электр энергиясын пайдалануу боюнча элге чектөө киргизбесин убада кылган. Бийлик суу сактагычта суу жетишсиз болуп атканын бир нече жылга улана турган суу тартыштыгы менен байланыштырган.

Бирок, 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашып, суук түшкөндө жарык баары бир деле өчүрүлөрү белгилүү болгон: алгач электртутума болгон жүктөмдүн көптүгүнөн автоматтык түрдө жарык өчүп турган.

2020-жылдын ноябрь айынын башында өткөн парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Равшан Сабиров күз-кыш мезгилине карата 19,5 млрд куб метр суунун ордуна Токтогул суу сактагычында болгону 14,7 млрд суу калганын айткан.

«Өкмөттүн тапшырмасына ылайык, Казакстан менен 300 млн квт/саат электр энегиясына алмашуу болгон. Мындан тышкары, 2020-жылдын аягына чейин Казакстандан килловатт-саатын 2,4 цент баасында 500 млн/кВт/саат импорттоо чечими кабыл алынган», — деген ал.

Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган. Аткаминерлер маал-маалы менен өчүрүүлөр болбосун дагы убада кылышкан, бирок үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонуп, электр энергиясын үнөмдөөнү суранышкан.

Республика 2020-2021 күз-кыш мезгилин жыйынтыктаганы менен Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли азайганын койбогон. Ал тургай качандыр бир кезде суу алдында калган мүрзөлөргө көмүлгөн сөөктөр, сууга чөгүп кеткендердин сөөктөрү жээкке калкып чыккан.

14-июнга карата маалымат боюнча, Токтогул ГЭСте суунун көлөмү 10,8 млрд кубометрди түзөт. 2020-жылдын июнь айынын ортосунда бул көрсөткүч 12,9 млрд кубометрди түзгөн, мындан эки жыл мурда ушул эле убакта суу сактагычта 14,4 млн кубометрд суу болгон.

Суу сактагычтын максималдуу көлөмү — 19,5 млрд кубометр. Акыркы жолу ал бул көрсөткүчкө чейин 2017-жылдын августунда толгон.