Нарында саламаттык сактоо министрин «сүрөткө түшкөнү келдиң беле» деп уяткарышты

Алымкадыр Бейшеналиев жана майыптар коомунун мүчөлөрү. Сүрөт: Дилде Шатанова / Kloop.kg

Нарын шаарында жаңы салынган инфекциондук ооруканысынын 17-июндагы ачылыш аземине катышкан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди майыптар коомунун мүчөлөрү уяткарды.

Окуяга күбө болгон «Клооптун» кабарчысы Дилде Шатанованын айтымында, коомдун мүчөлөрү министрге арыз-муңун айтып берүүнү каалаган. Бирок ал учурда министр башка бирөөлөр менен сүрөткө түшүүгө камынып жатканы аларга жакпай, аны сынга алышкан.

«"Сүрөткө түшүп алайын" деп… Сүрөткө түшкөнү келдиң беле? Эмне бул, этика деген барбы? Биз сүрөткө түшүп алалы деп. Эмне, сүрөт керек болуп жатабы? Анда ушинтип бир аял кыйкырып жатат деп тарт. Уят деген болуш керек да, кичине убакыт бөлүш керек», — деген аялдардын бири.

Анда министр «макул, түшпөй эле койдум» деп жооп берген. Андан соң Бейшеналиевге кишилердин бири келип 53 жаштагы атасы пневмонияга чалдыгып, «жакшы эле абалда кызыл зонага» которулгандан соң ал жактан сөөгү чыкканын айтты — ал министрден атасын аталган зонага которгон дарыгерди жумуштан алууну суранды.

Мындан сырткары тургундар аймакта кымбатчылык болуп майыптар кыйналганын, райондук жана шаардык оорукананы бириктирүү кыйынчылык жаратып жатканын айтып Бейшеналиевге даттанышты. Алар «маселени жерине келип чечпегенде качан чечесиңер» деп суроо салышты.

Тургундардын бири «сиздин убактыңыз болбосо мен өзүм эле барайын» деп, министрдин телефон номерин сурады. Министр визиткасын берген учурда аял «иштебеген номерди берип алдап кеткендер да болгон» деп номерди өз колу менен кагазга жазып берүүсүн талап кылды. Аягында Бейшеналиевдин жардамчысы жергиликтүүлөрдүн арыздарын алып калып, министр маселелерди «карап чыгууну» убадалады.

Нарындагы инфекциондук оорукана өткөн жылдын август айында курулуп баштаган. Ал жеңил конструкциядан куралуп, бир айдын ичинде ишке берилээри айтылган. Бирок анын курулушу каражат жоктугунан токтоп калып, ооруканага пайдаланууга дээрлик бир жылда берилди.