УКМК: Жусуп Баласагын атындагы КУУда «пара алуу схемасы» аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Ош шаарындагы филиалында «пара алуу схемасы» аныкталгандыгын маалымдады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган университеттин жетекчилери окутуучулар менен биргеликте чет элдик студенттерден сынактык сессияга жана мамлекеттик сынактарга кирүүгө уруксат алуу үчүн акча алып турушкан.

«Муну менен эл аралык коомчулуктун алдында мамлекеттик университеттердин беделин түшүргөн», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Учурда «Пара алуу» беренеси менен сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана «пара алуу схемасына» катыштыгы бар башка адамдардын аты-жөнүн аныктоо иш-чаралары улантылууда.