Бишкек мэриясы көңүл ачуучу жайлардын ишине салган чектөөсүн алды

Бишкек мэриясы көңүл ачуучу жайлардын ишине саат 23:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин салган чектөөсүн алды. Мындай чечимди 21-июнда Бишкек мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов ресторан бизнестеринин өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин кабыл алды.

Ресторандар миңдеген кызматкерлери жумушсуз калбашы үчүн чектөө киргизүү тууралуу чечимди кайра кароону суранышканы кабарланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэрдин м.а. шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын чукул отурумун өткөрүп, анда убактылуу чектөөну алып салуу чечими кабыл алынган.

Ресторандарга санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталышы керектиги эскертилип, орун жайларды 50%дан ашык толтурбоорго милдеттендирилди.

Бишкек мэриясы көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөөнү 16-июнда киргизген. Муниципалитет аталган чектөө эпидкырдаал начарлап жаткандыктан киргизилгенин түшүндүргөн.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев муниципалитетке борбор калаада эпидемиологиялык абал начарлаганына байланыштуу айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштаганын билдирген.

Анын айтымында, өлкөдө коронавиус жуктургандардын саны кескин өсүп кеткен, аны үчүнчү толкун деп атоого да болот.

«Вирусту алып жүргөн жаштар көп адамдар менен байланышып жатат… Мындан сырткары, коомдук транспортто бет кап режимин сактап, тамактануучу жайларда аралыкты сактоо боюнча сунуштамалар бар. Менин орун басарларым рейддин жыйынтыгы боюнча маалыматтарды берип жатышат. Ага ылайык, санитардык эреже эч бир жерде сакталбай жатыптыр», — деген Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 15-июндагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну байкалып жатканын айткан. Анын айтымында, бул үчүн бийлик стационарларда 3 миңден ашуун койка даярдап, дагы 1,5 миңин резервге алынган.

Ошондой эле ал 2021-жылдын март-апрель айларына карата соңку изилдөөлөр өлкөдө коронавирустун төрт штаммы бар экенин аныктаганын, анын ичинде 44% түзгөн британ штаммы жана 39% түзгөн орус штаммы бар экенин дагы кошумчалаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин 21-июнга карата маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустун 115 615 учуру аныкталды. Ошондой эле пандемия башталгандан бери бейтаптардын арасында 1 937 өлүм учуру катталган.