«10 күн бекер ташыйт». Бишкекте Өзбекстандан алынып келинген 50 автобус ишке берилди

Өзбекстанда өндүрүлгөн япониялык ISUZU маркасындагы 50 автобус Бишкектин каттамдарына чыкты. Автобустар 22-июндан 1-июлга чейин жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Аталган 50 автобус коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн санын азайтуу максатында пайдаланууга берилди, бул өз кезегинде коронавирус илдетинин жайылышын алдын алат. Автобустар дизелдик күйүүчү май менен иштейт, кийин калган автобустар жеткирилгенден соң, газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштырылат», — деп жазылат маалыматта.

Автобустардын узундугу дээрлик жети метрди түзүп, жалпы 38 жүргүнчүгө ылайыкташтырылып жасалган.

Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы жаңы автобустардын каттамынын схемаларын жарыялады. Жаңы автобустар төмөнкү беш багыт боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт:

  • № 10-каттам — Ак-Ордо конушунан айлампа жолго чейин;
  • № 11-каттам — Ак-Ордо конушунан айлампа жолго чейин;
  • № 12-каттам — Маевка айылынан Көк-Жар айылына чейин;
  • № 13-каттам — Муромск көчөсүнөн баштап, Кырман конушуна чейин;
  • №14-каттам — 12 кичи районунан Ак-Ордо конушуна чейин.

Мэриянын маалыматында газ менен жүрүүчү автобустардын биринчи партиясы борбор калаага 2021-жылдын 1-июлуна чейин келет деп жазылат. Калган автобустар ушул жылдын октябрь айына чейин жеткирилет.

Бишкек мэриясы «Эко Пассажирские Перевозки» фирмасы менен меморандумга кол койгон. Анын негизинде 2021-жылдын аягына чейин Бишкекке Өзбекстанда чыгарылган япониянын ISUZU маркасындагы 350 даана экологиялык автобус алып келүү пландалган.

Бишкектин бийлиги коомдук транспортту өнүктүрүү тууралуу көп жолу убада берип, бирок каражат жок экенин айтып келет. Шаар ичинде болгону 13 автобустук, 11 троллейбустук маршруттар иштеп келген. Күн сайын 140 автобус жана 135 троллейбус ишке чыгат.

Автобус жана троллейбустардын жетишсиздигинен жүргүнчүлөрдүн көбүн маршрукттук таксилер ташыйт. Алардын тармагы 103 маршруттан турат, ал эми автопаркта эки миң автоунаадан турат.

Адамдар коомдук транспортко түшүшү үчүн автобус жана троллейбустардан турган кеңири маршруттук каттамдар тармагы болууга тийиш. Аларга чет өлкөдөгүдөй өзүнчө жол тилкеси салынууга тийиш — ошондо гана жеке унаага караганда коомдук транспорт менен жүрүү тезирээк болот.

Расмий маалымат боюнча шаарда 400 миңден ашуун транспорт катталган. Эгерде Бишкектин баардык жашоочуларын алсак, алардын саны Улуттук статкомдун маалыматы боюнча миллиондон ашат — демек ар бир экинчи адамдын автоунаасы бар.