ӨКМ Орусия жана Кытайдан өрт-куткаруу техникаларын алып келет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-июнда өткөн басма сөз жыйында өрт өчүрүү, куткаруу жана курулуш техникаларын алып келүү боюнча келишимдер түзүлгөнүн билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ведомство Орусиядан 100 даана өрт өчүрүү техникасын, 2 тик учак, өрт-куткаруу техникасын жана башка жабдууларды гранттык негизде аларын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ӨКМге техника сатып алуу үчүн Орусия менен 20 млн долларлык гранттык келишимге кол койгон.

Мындан тышкары, Ажикеев 6 мобилдик госпитал жана 100гө жакын өрт өчүрүү техникасын алып келүү үчүн Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

«Пандемияга байланыштуу техникалардын келиши 2022-жылдын биринчи жарымында жылды. Тендер ийгиликтүү өтсө август айында ӨКМдин базасы жаңы техникалар менен толукталат», — деди ал.

Ошондой эле, Ажикеевдин айтымында, ӨКМ 9-июлда 60 даана өрт өчүрүүчү техника алуу үчүн тендер өткөрүнү пландап жатат.

Ажикеев белгилегендей, учурда ӨКМде бир дагы тик учак жок — жалгыз бир тик учак жарактан чыккан.

«Акыркы жолу өрт өчүрүүчү техникалар 2008-2009-жылдары жаңыланган, ага чейин 1999-жылдары жаңыланган. Бардык өрт өчүрүүчү техникалардын катарын ЗИЛ-130 толуктайт, ал эч жерде чыгарылбай калган», — деп билдирди ал.

Ажикеев деген ким?

Ачык маалымат булактарында Бообек Ажикеев тууралуу маалымат көп деле жок. Ал ӨКМдин башчылыгына Садыр Жапаровдун кадрдык алмаштырууларынын толкунунда келген. Ажикеев кесиби боюнча инженер-куруучу, ал эми экинчи кесиби — бухгалтердик эсеп жана аудит багытында.

Ал 2011-жылы УКМКнын учурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин Оштогу штабында координатор болгон. Ал убакта Ташиев президенттик кызматка талапкерлигин койгон.