Чу дайрасында дамба жоктугунан Кыргызстан 800 гектар жерин жоготту — ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министр Бообек Ажикеев 22-июнда өткөн басма сөз жыйын учурунда Кыргызстан Чу дайрасынын жээктери желгендиктен Камышановка жана Токмокто 800 гектар жерин жоготконун билдирди.

Сүрөт: Кабар.

ӨКМдин башчысы Чу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек араны бөлүп турган дайра экенин түшүндүрдү.

«Тилекке каршы, чек ара биз тарапка гана жылып жатат. Казакстан дайыма жээктерин бекемдеп келет. Быйыл кыргыз тараптагы жээктин желип жатканын токтотобуз», — деп билдирди ал.

Министрдин айтымында, бул багытта жумуш башталган жана маселе президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө, президент жээктерди бекемдөө үчүн каражат бөлүүнү тапшырган.

Чу дайрасындагы дамбалар

Кыргызстан Чу дайрасынын жээктери желип жаткандыктан жыл сайын 500-700гө чукул гектар жерин жоготуп атканын ӨКМ 2017-жылы эле билдирген.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2013-жылы ӨКМ генералдык план иштеп чыккан. Ага ылайык, дайранын Токмок шаарынан баштап Камышановка айылына чейинки сол жээктери бекемделмек. План боюнча 193 кооптуу тилке аныкталып, дайранын желип кеткен жээгинин узундугу 64,9 километрди түзгөн.

Сүрөт: Акипресс.

2020-жылдын май айында ошол кездеги өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров тосуучу дамба куруу маселесин кароону тапшырган. Ал узундугу 322 метрди түзгөн дамба курууну пландаган болчу.

Бирок жумуш коронавирус пандемиясы учурунда каражат тартыш болгондуктан убактылуу токтотулган. Бул тууралуу «Клоопко» ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин 2021-жылга карата маалыматына ылайык, Чу дайрасында дамбаларды куруу боюнча иштер эки жерде улантылып жатат: Любяное жана Камышановка айылдары. Узундугу 689 метрди түзгөн биринчи объект бүтөйүн деп калды. Ал эми 2020-жылы эле куруу пландалган 322 метрлик дамбаны куруу жаңыдан гана башталууда.

ӨКМдин басма сөз кызматынан дамба куруу жана Чу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери жыл сайын каржылоого жараша жүргүзүлөрүн кошумчалашты. 2021-жылы бул максатка бюджеттен 27 млн сом бөлүнгөн.