Ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова жайкы Олимпиадага жолдомо алды

Каныкей Кубанычбекова

Ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова эл аралык мелдештердеги алган упайларынын жыйынтыгында Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына ылайык, Кубанычбекова Казакстан, Индия, Кувейт жана Азербайжан мамлекеттеринде онлайн жана оффлайн форматта өткөн төрт эл аралык мелдешке катышып, жакшы жыйынтык көрсөткөн.

Кубанычбекова рейтингде эң жогорку жана орточо натыйжага ээ болуп, ага жолдомо алууга мүмкүнчүлүк болгон. Спортчу буга чейин 2020-жылы ок атуу боюнча Кыргызстан кубогун жеңип алган. Ал учурда ок атуу спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү.

Буга чейин Олимпиада оюндарына катышуу лицензиясын кыргыз спортчуларынан балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, грек-рим күрөшү боюнча спортчу Жоломан Кубанычбеков, эркин күрөшчүлөр Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев, сууда сүзүүчү Денис Петрашов, балбан Атабек Азизбеков, жеңил атлеттер Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробоцская алган.

2020-жылы Жапониянын Токио шаарында өтө турчу 32-жайкы Олимпиада оюндары COVID-19 пандемиясынан улам Эл аралык олимпиада комитети тарабынан 2021-жылга жылдырылган. Ал эми Олимпиада оюндары Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өтөөрү айтылууда.