Шаар тургуну поликлиникада антибиотик алгандан кийин каза болду, дары экспертизага берилди

Ала-Тоо конушунун поликлиникасында 29 жаштагы жаран антибиотик алгандан кийин каза болду. Бул тууралуу маалыматты АКИpress басылмасына Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова тастыктады.

Исмаилова 16-июнда маркум дайындоо барагы боюнча ийне сайдырууга келгенин белгиледи. Ал мурда дагы «Цефтриаксон» сайдырып жүргөн.

«Медиктердин айтымында, ага сынам жасалып, ийне сай ылган, андан кийин абалы начарлай баштаган. Поликлиникада ага бардык керектүү жардам көрсөтүлгөн», — деди ал.

Исмаилова милиция келип, дары-дармекти алганын белгиледи. Жаран өзү менен кошо алып келген «Цефтриаксон» Ош базарында контейнерден сатып алынганы белгилүү болгон. Бул тууралуу милицияга поликлиникага чогу келген маркумдун аялы кабарлаган.

«Милиция ал жерге да барган. Мындан тышкары, дары маркумдун үйүнөн дагы алынган. Анын баары экспертизага берилди. Өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн денесине экспертиза жүргүзүлдү. Жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат», — деди ал.

2021-жылдын 1-апрелде ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров дагы ушул сыяктуу эле жагдайда көз жумган.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысованын айтымында, Шакиров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан «Цефтриаксон» антибиотикти алгандан кийин, анда аллергиялык реакция пайда болгон.

Тема боюнча:

ТИМ кызматкеринин өлүмү. Эне жана баланы коргоо борборунун директору кызматтан кетти