ТИМ кызматкеринин өлүмү. Эне жана баланы коргоо борборунун директору кызматтан кетти

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Ал министр Алымкадыр Бейшеналиевдин көрсөтмөсүнүн негизинде кызматтан алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Узакбаевдин ордуна Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директорунун орун басары Гүлзат Маймерова дайындалды.

Эске сала кетсек, Камчыбек Узакбаев аталган медициналык мекемеде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров каза болгондон кийин тергөө учурунда кызматынан убактылуу четтетилген болчу.

ТИМдин кызматкери Бахтияр Шакировдун өлүмү

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров 1-апрелде 38 жашында каза болгон.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин маалыматына ылайык, 1-апрелде саат 00:14тө милицияга окуя боюнча билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, Шакиров 31-март күнү болжол менен кечки саат он жарымда Эне баланы коргоо борборуна асма укол алуу үчүн тааныш медайымга келгенин аныктаган.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, Шакировго ийне сайылгандан кийин абалы начарлап, андан соң эс-учун жоготуп, көп өтпөй каза болуп калган. Аталган факты КЖБРге катталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова фейсбук баракчасына Шакировдун жакындарына таянып, ал коронавируска каршы SinoPharm вакцинасын биринчилерден болуп алганын жазган.

«Ал Москвага курска бара жаткандыктан сактануу максатында вакцина алган. Менин оюмча ССМ объективдүү кызматтык иликтөө жүргүзүп, коомго ачыктоосу керек», — деп билдирген Баялинова.

Ал кийинчерек эмоцияга алдырып жазганы үчүн кечирим сураган. Өз кезегинде министрлик бул маалыматты төгүндөп, Шакиров эмделгендердин тизмесинде жок болгонун маалымдаган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон каза болгонун билдирген.

Ошол эле күнү Кытай элчилиги Шакиров эмдөөдөн кийин каза болгону тууралуу жалган маалымат тараткан айрым тараптардын «мындай жоопкерчиликсиз жана шалаакы мамилесин» кескин түрдө сындаган официалдуу кайрылуу жасаган.

3-апрелде министрлик иликтөөнү баштап, ТИМдин кызматкери каза болгон медициналык мекеменин башкы дарыгери, кулак жана мурун оорулар бөлүмүнүн башчысы жана медайымы кызматтан убактылуу четтетилген.