Сот пара опузалоого шектелген УКМКнын мурдагы кызматкерин актады

Бишкектин Октябрь райондук соту 18-июнда пара опузалоого шектелген УКМКнын мурдагы кызматкерин актады. Анын ишинде кылмыштын курамы табылбаганы кабарланууда.

УКМКнын кызматкери Жоруктар жөнүндө кодексинин «Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү жок кылуу, бузуу же жашыруу», андан тышкары, Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Пара опузалоо» беренелери боюнча акталды.

УКМКнын мурдагы кызматкери 2020-жылдын сентябрында 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалып, «Пара опузалоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кийин УКМК аны кызматтык иликтөөдөн кийин бошотууну чечкени белгилүү болгон.