Centerra Бөлтүрүктүн «Кумтөрдүн» эсебинде 1,7 млрд $ болгон деген сөзүн четке какты

Centerra Gold Inc’тин басма сөз кызматынын өнөктөштөрү «Клооптун» журналисттерине канадалык компания «Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн тоңдурулган 1,7 млрд доллары тууралуу сөздөрүн төгүнгө чыгарганын билдирди.

Буга чейин Бөлтүрүк «Биринчи Радиого» курган маегинде «Кумтөр» өзүнүн $1,7 млрд каражатына жеткилигин жоготконун билдирген. Анын айтымында, Centerra компаниянын эсептерин толугу менен көзөмөлдөйт жана аларга жеткиликти жаап салган.

«“Кумтөр голд компанинин” эсебинде жетиштүү каражаты бар. Үстүбүздөгү жылдын март айында директорлор кеңешинин акыркы жыйыны өткөн, протоколго ылайык, банктык эсепте 1,3 млрд доллар акча бар болчу. Быйыл 2020-жылдын таза кирешеси катары кошумча 400 млн доллар которулган. Ошондо баары болуп 1,7 млрд доллар акчабыз бар, бирок ал акча бизге жеткиликсиз болуп калды», — деген Бөлтүрүк.

Ал эми Centerra Gold Inc. айтылган $1,7 млрд каражат так эмес деп билдирди.

«2021-жылдын 30 апрелине карата “Кумтөр Голд Компанин” банктык эсептеринде 17,1 млн доллар жана ага барабар каражат топтолгон. Алар кенди иштетип чыгууда шашылыш муктаждыктарды канааттандырууга багытталып, сумманын жалпы эсеби бир жумада 16,2 млн долларга барабар болгон каражат эле», — дешти канадалык компаниядан.

Centerra Gold Inc’тен кошумчалашкандай, 2020-жылы кенге кеткен операциялык жана капиталдык чыгымдары 844 млн долларды түзгөн. Бул суммага төрт миңден ашуун штаттык жана келишимдик негизде иштеген кызматкерлердин айлык акысы, жана жергиликтүү ишканалардан сатып алынган материалдардын чыгым кирген.

Кумтөрдүн айланасында эмне болуп жатат?

Кумтөр кени июнь айынын башынан тартып коомчулук менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын көңүл борборунда болууда. Кен иштетүү боюнча келишимдерге байланыштуу кылмыш иши козголуп, анын алкагында бир катар саясатчылар, анын ичинде экс-премьер министр Өмүрбек Бабанов камакка алынган.

Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Андан бир күн мурда, 6-майда парламент депутаттары каалаган компанияга сырттан башкаруу киргизүүгө жол берген мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышкан болчу.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

14-майда сырттан башкарууну киргизүү тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал эми «Кумтөрдөгү» сырттан башкаруучулук кызматка президент Жапаровдун кеңешчиси жана Центерра Голддун директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.