Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голддун» сырткы башкаруучусу болуп дайындалды

Тенгиз Бөлтүрүк

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 17-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасына Тенгиз Бөлтүрүктү сырттан башкаруучу кылып дайындады. Бул тууралуу «Акчабар» басылмасы жазды.

Бөлтүрүктүн бул кызматка талапкерлигин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сунуштаганы кабарланды.

Жогорку Кеңештин депутаттары 17-майдагы кезексиз отурумда «Кумтөр Голд Компаниге» сырттан башкаруу киргизүү токтомун жактырган. Мындай чечим алтын казуучу компаниянын жетекчилиги экологиялык зыянды жоюу боюнча чараларды көрбөй жатканынан улам кабыл алынды.

*«Кумтөр Голд Компаниге» сырттан башкарууну киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоору 6-майда Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, президент Садыр Жапаров 14-майда кол койгон.

Ошондой эле, парламент Кумтөр кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын мөөнөтүн үч айга узартууга да макулдугун берди.

Бөлтүрүк «Кумтөр Голд» ишканасын үч ай башкарат. Анын карамагына компаниянын каржылык жана административдик-чарбалык ишмердүүлүгү өткөрүлөт. Ал эми «Кумтөр Голд Компанинин» директорлор кеңеши же акционерлердин жалпы чогулушу анын ишмердүүлүгүнө кийлигише албайт.

Тенгиз Бөлтүрүк деген ким?

Бөлтүрүк Ысык-Көл облусунун Түп айылында туулган. Ал Москвада «пайдалуу кендерди байытуу» адистиги боюнча окуп, 1980-жылдардын аягында Орусиянын Ыраакы чыгышында иштеген. Кийинчерээк, 1990-жылы ал Кыргызстанга кайтып, Айдаркен, Солтон-Сары жана Кумтөр кендеринде иштеген.

Ал эми 1998-жылы Бөлтүрүк адистиги боюнча Германияда аспирантурага тапшырып, 2002-жылы аны аяктаган. Ошол эле жылы ал Канадага миграцияга кеткен. Бөлтүрүк канадалык инженердин лицензиясына ээ болгон.

«Ооба, менде кош жарандык бар. Мен Кыргызстандын жаранымын, өзүмдүн паспортумду көрсөтөйүн — ал легалдуу [...] Акыркы алты айда мен Centerra Gold Inc. акционердик коомунун директорлор кеңешинин 11 мүчөсүнүн биримин. Мени Кумтөр боюнча ишке жана башка долбоорлорду баштоого жардам көрсөтүү үчүн Садыр Жапаров өткөн жылдын октябрь айында чакырды. Мен макул болуп сунушун кабыл алдым», — деген Бөлтүрүк парламенттин 17-майдагы отурумунда.

Ошондой эле, Бөлтүрүк канадалык компаниядан өз каалоосу менен чыгып кеткенин маалымдады.

Ал эми парламенттин кезексиз жыйынында депутат Улугбек Ормонов Бөлтүрүктөн Кыргызстандын дипломатиялык паспортун кантип алганын сурады. Бөлтүрүк ага паспортту президент бергенин билдирди.

«Ал кезде пандемия болчу, мен Канадага учуп жүрдүм. Казакстан, Кыргызстанга тоскоолдуксуз кирип чугуу үчүн...анда октябрда пандемия күчөп жаткан, азыркыга чейин ушундай [...] президент Жапаровдун кеңешчиси катары [паспорт алдым]», — деди Бөлтүрүк.

Депутат Ормонов дипломатиялык паспортторду берүүнүн өзүнүн жоболору бар экенин айтып, Садыр Жапаров октябрда президент болбогонун эскертти. Ал эми Бөлтүрүк бул чечимди ал «өзүм кабыл албагам» деген жоопту кайтарды.

«Кыргызалтын» жамаатынын даттануусу

Буга чейин Centerra Gold Inc. коомунун акцияларына ээлик кылган «Кыргызалтын» ишканасынын жамааты өзүн «президенттин кеңешчиси» деп тааныштырган Тенгиз Бөлтүрүк кызматкерлерди коркутуп жатканына даттанышкан. Алардын айтымында, Бөлтүрүк директорлор кеңешинин башчысы Тилек Мамбеталиевдин жардамы менен «Кыргызалтынга» ээлик кылган.

Ошондой эле «Кыргызалтындын» жамааты жолдогон билдирүүдө Бөлтүрүк ортомчу адамдар аркылуу компаниядан жүз миңдеген долларды чыгарып кетип жатканы тууралуу айтылган.

«Тенгиз Бөлтүрүк жана ал ээрчитип келген, эч качан өндүрүш чөйрөсүндө иштеп көрбөгөн директорлор кеңешинин төрагасы Тилек Мамбеталиев баштаган команда “Кыргызалтындын” кызматкерлерин жумуштан кууласың деп коркутушууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Ишкананын кызматкерлери акча чыгарып кетүүгө Centerra Gold ишканасынын директорлор кеңешиндеги министрлер кабинетинин өкүлү Нурлан Кыштобаевдин дагы катыштыгы бар экенин кошумчалашкан.