Жылытуу мезгилинде чектен ашык жаккан абоненттердин электр энергиясы өчүрүлөт

Улуттук энергохолдингдин электр энергиясын бөлүштүрүү жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Рустам Садыков Kaktus.Media басылмасына курган маегинде электр энергиясына байланышкан жарандарга тиешелүү чектөөлөр тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин 2021-2022-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык жөнүндөгү токтомуна ылайык, Кыргызстандын бардык аймактарында электр энергиясын колдонууга лимит орнотулган. Ал белгилегендей, апрель-май айларына карата электр энергиясы менен камсыздоо лимити аткарылган эмес жана алар 19%га ашып кеткен.

«Бир фазалуу катардагы колдонучулардан сырткары, үч фазалуулар да бар. Аларда 5 кВт кубаттуулуктан ашык колдонууга техналык уруксаат бар үч фазалуулар да бар. Андан тышкары, электр менен камсыздоого белгилүү бир кубатттуулук чегерилген коммерциялык колдонуучулар бар. Жылытуу мезгилинде лимит сакталбаса техникалык шарттарды же орнотулган колдонуу режимин бузгандардын электр энергиясын өчүрүү пландалууда», — деп билдирген Садыков.

Ал 10 кВт энергия колдонууга уруксат берилген абоненттердин электр менен жылытууга колдоно алчу 3 кВты бар экенин түшүндүргөн. Эгерде абонент орнотулган лимиттен ашыра жакса «уруксаат берилген көлөмгө чейин» жагуусун азайтпаса жарыгы өчүрүлөт.

«Ошондуктан жылытуу мезгили келгенге чейин таркатуучу компания кубаттуулук уруксат берилген абоненттерди тизмектейт. Эгерде чектен ашып кетсе уруксаат берилгенден өйдө кубаттуулук өчүрүлөт», — дейт Садыков.

Ошол эле учурда, башкармалыктын башчысы альтернативалуу жылытуучу жабдуусу жок абоненттердин жарыгы өчүрүлбөсүн кошумчалаган.

Энергетикалык кризис

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдө суу жана электр энергиясынын тартышы жараларын билдирген. Бул жөнүндө ал 2020-жылдын август айында айткан. Ал кезде Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд куб метр суу жетишсиз болчу.

Ошол эле учурда бийлик электр энергиясын пайдалануу боюнча элге чектөө киргизбесин убада кылган. Бийлик суу сактагычта суу жетишсиз болуп атканын бир нече жылга улана турган суу тартыштыгы менен байланыштырган.

2020-жылдан тартып Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан суроого мажбур болгон, анткени Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөму абдан азайып кеткен. Ноябрь айынын башында өткөн парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Равшан Сабиров күз-кыш мезгилине карата 19,5 млрд куб метр суунун ордуна Токтогул суу сактагычында болгону 14,7 млрд суу калганын айткан.

Бирок, 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашып, суук түшкөндө жарык баары бир деле өчүрүлөрү белгилүү болгон: алгач электртутума болгон жүктөмдүн көптүгүнөн автоматтык түрдө жарык өчүп турган.

Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган.

18-декабрда өкмөттө республикада боло турушу мүмкүн энергетикалык кризиске байланыштуу кезексиз жыйын өткөн. Анда премьер-министрдин милдетин аткаруучу жана биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков электрди жана жылуулукту иштеп чыгуунун жетиштүү көлөмүн камсыздоо үчүн экинчи гидроагрегатты ишке киргизүүнү сунуштаган.

2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.