Кароолчуну башка аткан. ЕАЭБдин судьясы Скрипкинанын күйөө баласы үй камагына чыкты

2021-жылдын 19-июнунда К.В аттуу адам борбор калаадагы спорт комплекстеринин биринин кароолчусуна ок чыгарган. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБдин басма сөз кызматы кабарлады. Милицияга жабырлануучу Улан Иманалиев кайрылган.

Арыз менен кайрылган адамга болжол менен саат 13:00дө ок тийген. Ага Улуттук госпиталдын кабыл алуу бөлүмүнөн медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Милиция «Ээнбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштап, экспертиза дайындаган. Андан соң кылмышка шектүү катары 1967- жылы туулган К.В. аттуу жаран кармалган. Ал Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок кийинчерээк Октябрь райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарган.

Басма сөз кызматы кылмыш ишине байланыштуу иликттөө иштери улантылып жатканын билдирди.

Иманалиев эмне дейт?

Ал эми жабырлануучу Октябрь райондук сотунун судьялары кол салган адамга жоопкерчиликтен качууга жардам берип жатышат деп эсептейт. Ал мындай оюн Kaktus.Media басылмасына айтып берген.

«Владимир үй камагына чыкканда мен абдан нааразы болдум. Менин оюмча ага кайненеси Галина Скрипкина жардам берип жатат. Ал учурда Евразия экономикалык биримдигинин судьясы болуп эсептелет, мурда Бишкек шаардык сотунун судьясы болчу. Качан өлкөдө чынчыл соттор жана адилеттүүлүк болот? Бир жума өттү, мен тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалыматым жок. Күнөөлүү адам тийиштүү жазасын аларына деле ишенбей калдым», — деп билдирген Иманалиев.

«Клооптун» редакциясы жабырлануучу менен байланышка чыкты. Ал шектелип жаткан Владимир Коган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана Евразиялык экономикалык биримдигинин учурдагы судьясы Галина Скрипкинанын күйөө баласы экенин тастыктады. Анын айтымында, Коган Галина Скрипкинанын кызы Иринанын күйөөсү.

«Мен көп жылдан бери ошол жерде иштейм, ошондуктан бардыгын жакшы тааныйм», — деп белгилеген Иманалиев.

Анын айтымында, алгач милиция окуяны адам өлтүрүүгө аракет деп каттаган. Бирок сот отурумунун алдында жеңил беренеге — «Ээнбаштыкка» алмаштырганы белгилүү болгон.

Иманалиев окуянын чоо-жайына токтолгон.

«Владимир Коган мен отурган кароолчунун будкасына келип, ошол тегеректе жашаган адамдын телефон номерин таап берүүмдү талап кылды. Бул 19-июнь, саат болжолу 12:30 болчу. Мен баш тарттым, Владимир ачууланып, атырылып баштады. Мага кыйкырып, сөгүп-сагып, бир маалда травматикалык куралын алып чыгып эки жолу атып жиберди. Октун бирөө башыма тийди», — деп айтып берди Иманалиев.

Скрипкина деген ким?

Галина Скрипкина 2009-жылдан 2016-жылга чейин СДПК партиясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2016-жылдын июнунда Евразиялык экономикалык биримдигинин судьясы кызматына дайындалган.

Ага чейин, 2014-жылы кызы Ирина Скрипкинага байланышкан чырлуу окуянын фигуранты болгон. Анда Скрипкина кызын судьялык кызматка дайындоого аракет кылганы айтылган.

Анда депутат Райондор аралык сотторду тандоо конкурсунда судьялык орун үчүн 35 миң доллар талап кылгандыктан, конкурска катышуудан баш тартканын жарыялаган.