«Баалуулуктарды тепсеп, өлкөнү жок кылат». Райымкулов НПОлорду чектөөнү талап кылды

Эл өкүлдөрү Бактыбек Райымкулов менен Шайлообек Атазов 11-мартта парламенттин отурумунда Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигине кайрадан көңүл бурууга чакырышты. Алардын айтымында, коммерциялык эмес уюмдар «улуттук баалуулуктарды тебелеп, кыргыз мамлекетин жок кылышы мүмкүн».

7-мартта гана депутат болгон Атазов, парламенттеги президенттин өкүлүнө кайрылып, аны «улуттук баалуулуктардын, мамлекеттик идеологиянын, диндин кадырын кетирген» коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин текшерип баштоого чакырды. Ал мисал катары, чет элдик агенттер жөнүндөгү Орусиянын мыйзамын келтирди.

* «Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. «Чет өлкөлүк агент» деген макамды коммерциялык эмес уюмдар, 2017-жылдан баштап — жалпыга маалымдоо каражаттары, 2020-жылдан баштап катардагы жарандар да алып калышы ыктымал.

Төмөнкү иш-аракеттер үчүн «чет элдик агент» деп таанылышы ыктымал: чет өлкөлөрдөн акчадан тышкары, дагы ар кандай жардамдарды алуу; «чет элдик агент» деп таанылган ЖМКнын маалыматын дагы жайылтуу. Мыйзам орусиялык жана чет элдик коомчулук тарабынан көп жолу сынга алынган. Алар мыйзам долбоорун «жарандык коом түзүмдөрүн жаманатты кылуу жана укуктук куугунтуктоо үчүн өбөлгөлөрдү түзүү максаты менен аларга чабуул жүргүзүү» деп аташкан.

Британияда апта сайын чыгуучу The Economist басылмасы 2013-жылы «чет өлкөлүк агент» деген терминди колдонуу, Орусиянын бийлиги тарабынан орус коомунда жарандык активдүүлүктү көзөмөлгө алуу аракети болуп саналарын жазган.

«Булар такыр биздин улутка төп келбеген гей-параддарды өткөрүп жатышат, ар түрдүү жүрүштөрдү кылып жатышат. Мына, кечээ коллегаларыбыз айтты, “узурпация власти”, мына ушулар [коммерциялык эмес уюмдар] узурпация кылып жатышат, мамлекеттин идеологиясын. Мына экстремизм деп кечээ айттыңыздар, ушулар биздин улуттун, мамлекеттин идеологиясына экстремисттик жолду жүргүзүп жатышат», — деди ал.

Эл өкүлү Бактыбек Райымкулов коммерциялык эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү жөнүндөгү өзүнүн мыйзам долбоорун кайрадан эскертти. Райымкулов бул документ буга чейин эки окууда кабыл алынганын эске салып, аны тезинен үчүнчү окууда талкууга чыгарууну өтүндү.

«Мына 8-мартта болгон көрүнүш [...] Бишкек жана Ош шаарларында жүрүш болду, гейлердин. Алдыда да депутаттар жакшы айтып кетти, муну биз качан көзөмөлдөйбүз? Качан тартипке салабыз? Эгер биз ушул боюнча муну карабай тим койсок, бара-бара бул ар бир районго, облустарга, айылдарга чейин жетет [...] Буларга чектөө койбосок, бүгүнкү күндө коомчулукта бир топ сөздөр жаралып жатат. Эртең-бүрсүгүнү кыргыз улуттук баалулуктарын тебелегенге, кыргыз мамлекетин жок кылганга барат», — деди Райымкулов.

* Райымкулов «гейлердин жүрүшү» деп, аялдардын укуктарын коргоо үчүн жыл сайын уюштурулуучу жөө жүрүштү айтып жатат, ал чындыгында эле быйыл Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлүп, ага катышкандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

Коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) ишмердиги жөнүндө мыйзам долбоору

Жогорку Кеңештин депутаттары 2020-жылдын 18-июнунда Коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алышкан. Мыйзам долбооруна ылайык бейөкмөт уюмдар каржы булактарын жана чыгашаларын ачыктап берүүгө милдеттендирилет.

Мыйзам долбооруна 89 депутат «макул», тогуз депутат «каршы» добуш берген. Депутат Марлен Маматалиев да каршы добушун берген. Маматалиев буга чейин долбоордун демилгечилеринин катарында болгон. Ал демилгени окубай туруп кол койгонун моюндаган, себеби ага мыйзам долбоору гей-параддарды чектейт деп түшүндүрүшкөн.

Мыйзам долбооруна Анвар Артыков, Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев, Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Исхак Пирматов, Алтынбек Сулайманов жана Элвира Сурабалдиева да каршы добуш берген.

Бул демилге коомчулукта сын-пикирлерди жаратып, Жогорку Кеңештин алдында мыйзам долбоорун кабыл албоону талап кылган нааразылык акциялары да өтүп турган, ал эми бейөкмөт уюмдар Жогорку Кеңештин спикери менен депутаттарын документти кабыл алууда регламентти бузушканы үчүн сотко да беришкен.

Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдө кандай кемчиликтер бар?

Демилгечилер чет өлкөдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдар донорлордон канча акча алып, кайда сарптаганы тууралуу өкмөткө деталдуу отчётту тапшырып турушун каалайт. Ошол эле кезде Кыргызстандагы ар бир КЭУ ансыз деле жыл сайын Салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчёт тапшырууга милдеттүү.

Автордун ою боюнча, бул отчёт Юстиция министрлигинин алдындагы жаңы мамлекеттик порталда жарыяланып, аны бардыгы көрө алат. КЭУлар мүлкүн, кызматкерлеринин санын жана алардын маяналары тууралуу маалыматтын ачык кылып, көрсөтүшү керек.

Өкмөт отчёттор үчүн атайын маалыматтык система жасап чыгуу көп убакыт менен акча талап кыла турганын билдирген болчу. Бул өз кезегинде текшерүүчү кызматкерлердин көбөйүшүн шарттап, кошумча жабдууларды сатып алууга мажбур кылат. Ал эми миңдеген уюмдардын отчётторун салыштырып текшерип чыгуу дээрлик мүмкүн эмес жана ал Юстиция министрлигинин милдеттерине кирбейт.

Ошол эле кезде, мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде муну ишке ашыруу үчүн акча бөлүп берүү зарыл эмес — бул чындыкка дал келбей турганы даана көрүнүп турат.

Эгер КЭУлар чыгымдары жана кирешелери тууралуу толук отчёт жарыялабай, же отчёт тапшырууну кечиктирсе, мамлекет аларды жаап коё алат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Бактыбек Райымкулов бул мыйзамды «кыргыз мамлекеттүүлүгүн башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнөн коргоп, элдин салт-санаасын жана маданиятын сактап кала алган» мыйзам катары сүрөмөлөп жатат.

Мыйзам долбоору тууралуу кеңири бул жерден окуңуз:

Кризис учурунда бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү кимдер эмне үчүн сүрөмөлөп жатат?

Фирмалар, бодо мал, көк бөрү. Бейөкмөт уюмдардан отчёт алгысы келген депутат Райымкуловдун байлыгы

Райымкулов деген ким?

Бактыбек Райымкулов парламентке 2015-жылы «Республика — Ата-Журт» фракциясынан келген. Парламентке келгенге чейин Райымкулов Чүй облусунун Панфилов районунун акими болуп 3 жыл эмгектенген.

Райымкулов парламентке келгенден бери Жогорку кеңештин порталына ылайык, Коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигинин эрежелерин күчөтүү жөнүндө мыйзамдан тышкары, ал өз алдынча мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрү киргизген жалгыз бир мыйзам долбоорун демилгелеген. Кесиптештери менен чогуу, Райымкулов беш мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Жакында эле Райымкулов менен депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында сөгүшө кетишкен. Бекешев буга чейин Ошто бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митингине катышкан кесиптештерин сынга алган. Матраимовду колдоо акциясына Райымкулов да катышкан.

*Ош шаарынын борбордук аянтында 2021-жылдын 28-февралында «Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» айыпталып камакка алынган Райымбек Матраимовду колдоо акциясы уюштурулган. Митингдин катышуучулары мурда коррупция боюнча коюлган айыпты мойнуна алган жана мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берген Матраимовду актап, аны боштондукка чыгарууну талап кылышкан.

Шайлообек Атазов деген ким?

Шайлообек Атазов кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону жана Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Ал парламентке үстүбүздөгү жылдын 7-мартында «Ата Мекен» партиясынан келген, себеби 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо бул партиядан талапкерлигин көрсөтүп, тизмеде 25-орунда барган.

Бирок 2020-жылдагы парламенттик шайлоого Матраимовдордун кланы менен байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 42-тизмесинде аттанган. БШКнын маалыматына ылайык, Атазов 2017-жылдан тарта «EREM» спорт клубунда аткаруучу директор болуп иштеген.

Русланбек Матраимов Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматтарга ылайык — «EREM» спорт-клубунун негиздөөчүсү. Ал депутат Искендер Матраимовдун жана экс-бажычы Райымбек Матраимовдун иниси.

Атазов Райымбек Матраимовдун жакын адамдарынын бири деп эсептелет жана маал-маалы менен социалдык тармактарда аталган үй-бүлөнү коргоп турат.

2020-жылдын август айынын аягында, парламенттик шайлоонун алдында «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдиктин» араздашуусунун шартында Атазов ызы-чууга кабылган. Анда ал «Биримдик» партиясынын өкүлү, депутат Азамат Арапбаевди админресур колдонуп жатат деп айыптап, «анын май куюучу бекеттерин өрттөп кетүүгө даяр турган адамдар бар» деп эскертүү берген. Мындан улам ал ИИМге суракка чакырылган.

Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Райымбек Матраимовду колдоо үчүн уюштурулган митингде Шайлообек Атазов модератор болгон.

* Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

18-февралда УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу жаңы иштин алкагында кайрадан кармаган. Ал эки айга Биринчи май райсотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 19-февралда анын тарапташтары Бишкекте жана Кара-Сууда Матраимовду колдоо жана аны боштондукка чыгаруу талабы менен митингге чыгышкан.

24-февралда 24.kg басылмасы Матраимов жүрөк оорусунан улам ооруканага жаткырылганын жеке булактарына таянып маалымдаган. Кийинчерээк дагы эки жалпыга маалымдоо каражаты, Матраимов «Бикард» жеке менчик клиникасында дарыланып жатканын маалымдашкан. Бул маалыматты клиниканын өзү да ырастаган.

«Бикард» клиникасынын башкы дарыгери Дамир Осмонов Sputnik.kg басылмасына берген маегинде, экс-бажычы ооруканага «критикалык кан басымы» менен келгенин, ден соолугу толук турукташканга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун айткан. УКМК Райымбек Матраимовдун ден соолугу жана кайда экени боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан.