Атазов менен Аманова Жогорку Кеңешке депутат болуп келди

Борбордук шайлоо комиссиясы 7-марттагы отурумунда Шайлообек Атазов жана Бурун Амановага бош турган депутаттык мандаттарды тапшырды. Жаңы депутаттар «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы мүчөлөрү Искендер Гайпкулов жана Гүлнара-Клара Саматтын ордуна келди.

Гайпкулов 8-февралда президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Ал эми Гүлнара-Клара Самат 22-февралда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган.

Шайлообек Атазов кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону жана Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Атазов таасирлүү Матраимовдор үй-бүлөсүнүн жакын адамы болуп эсептелет.

Буга чейин ал Руслан Матраимов жетектеген «EREM» спорттук клубунда аткаруучу директор болуп иштеген. Ал эми өткөн жылы парламенттик шайлоодо Атазов Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 42чи орунда турган.

Мындан сырткары Атазов 19-февралда Бишкекте, ал эми 28-февралда Ош шаарында бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовду колдоо жана «Азаттыкка» каршы митингинде жүргөн.

*Райымбек Матраимов «Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» шектелип УКМК тарабынан 18-февралда кармалган. Буга чейин ал бажыдагы «Коррупция» боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Ал эми Бурун Аманова «Небесные горы» туристтик компаниясына жана «Прогресс плюс» ЖЧКсына ээлик кылат. Аманова жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын тизмесинде 20чы болуп турган.