Депутат Атазов жыйын учурунда депутат Айсулуу Мамашовага атырылды

«Ата Мекен» фракциясынын лидерин алмаштыруу бул партиянын депутаттарынын отосунда чырдашууга алып келди — Сайдулла Нышановдун ордуна Шералы Абдылдаев фракция лидери болуп шайланды. Ал тургай парламент жыйынында 10 мүнөттүк танапис жарыялоого туура келди.

Нышановдун тарапташы жана орун басары депутат Шайлообек Атазовдун Айсулуу Мамашованы көздөй атырылганы видеого түшүп калган. Ал тургай депутаттардын бири экөөнүн ортосуна түшүп, депутат айым менен мурдагы спортчунун чабышып кетишине тоскоолдук кылууга аргасыз болгон.

*Атазов — кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону жана Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. 2015-жылы «Ата Мекен» партиясынын катарында парламенттик шайлоого 25-номерде барган. Бирок 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо жетинчи чакырылышка Матраимовдор кланына тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен аттанган.

Атазов Нышановдун таламын талашып жатып, партия алдыңкы ондукта кеткен талапкерлерин артка чакыртып алышы керек деп айткан — бул ондукта Наталья Никитенко (тизмеде №4), Бахадыр Сулейманов (№7), Айсулуу Мамашова (№8) бар. Сайдулла Нышанов тизмеде тогузунчу болчу. Бирок 4-февралда «Ата Мекен» партиясынын курамынан чыкканын жарыялаган.